Opera

Opera – «Opera Software» компаниясынан жаралган эң сапаттуу жана көп тармактуу браузерлердин бири. Алгач ал 1994-жылы норвегиялык «Telenor» компаниясынын окумуштуулары тарабынан иштелип чыгып, 1995-жылдан тарта браузердин алгачкы версиясынын авторлору түзгөн «Opera Software» компаниясына таандык. Анын башкы айырмачылыгы болуп, бир терезеде көп барактуу интерфейсти ачуу мүмкүнчүлүгү эсептелчү. Учурда бул ыңгайлуулукту башка браузерлер да колдонуп келет. Мындан сырткары аталган браузерге виджеттер (чакан веб-колдонмолор)топтому, torrent жана жай кошулууну трафикти кысуу жолу менен тездетүүчү программалар орнотулган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)