Ооруксунуу

Манжабызды кыпчытып же тизени уруп алып, ооруган жерибизди укалап: Ик ий ох, колум ай, ох ий бутум ай - деген күндөр болду беле?. Бир жолу ооруканага ооруксунуу дегенди эч убакта сезбеген, таң каларлыктай оорулууну алып келишет. Анын тулку бою күйүк менен тырык. Ал кыпкызыл оттун үстүндөгү - ысык табакты да кармай алган, бирок колунун күйгөнүн ыйлаакчалар кооп чыкканда гана байкаган. Манжаларын курч бычак менен кесип же ийне менен сайып ар дайым жараланта берген. Ооруксунууну сезбегендиктен, ал ар кандай жаракат, оорулардан сактана алган эмес. Кандай гана ооруксунуу болбосун ал - организмге зыян келтирүүчү коркунучтун белгиси. Өтө күчтүү жарыктан көз ооруйт, өтө катуу үндөн кулак ооруйт, кээ бир күчтүү жыт мурунду жарып, какшатат. Демек, ушул гана кичинекей ооруксунуу бизге оору же жараланып калууну алдын алууга жардам берет.

Ысык нерсе менен ооруганын сезесиңер да, колуңарды дароо тартып аласынар. Эгерде денеңер ооруганды сезбесе, кандай кырсык болорун адам өз убагында байкабайт, мисалы, мурдуңарды үшүтүп алышыңар да мүмкүн. Кээ бир учурларда ошол ооруксунууга көнбөй коюуга да болбойт. Мисалы, жарага йод сыйпарда же ийне саярда врачтын: Эми бир аз ооруйт, чочубаңыз - деп айтканы эсиңерде бардыр. Өзүн сыйлаган ар бир адам денесинин ооруганынан коркпой, керек болсо, ооруга чыдамкайлык менен туруштук берүүсү керек. Эгер ооруган жериң чыдатпай, жаныңды көзүңө көрсөтсө, анда ал адамды кыйнап азапка гана салбастан, ден соолукка да зыян болуп эсептелет. Мындай жагдайда медицинада ооруну басаңдатуучу дарыдармектер колдонулат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)