Оонатышуу

Оюнчулардын саны 2—10 киши.
Оюн көк шиберде, күрөшчү бөлмөдө өткөрүлөт.

Оюнчулар экиден болушуп, оюндун шарты жана кезеги жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюнчулар бир бирин карашын жакын отурушуп, колдорун бүгүлгөн тизелеринин астынан кармашышып биринчи оң андан кийин сол жакка оонатышып жыгууга аракеттенишет. Оюнчулар бир бирин оонатышып жыгытышкандан кийин атаандаштары менен алмашышып, оюнду каалашкан убакытка чейин ойношот. Көп жолу атаандаштарын оонатышышкан оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Бир бирине жакындоого, отурууга, тоскоолдук кылууга жардам берүүгө, колдору менен коюп жиберүүгө болбойт.

Оюнда күчкө, ийилчээктикке тарбияланат, тартипти сактоого үйрөтөт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)