Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Онега көлү

Онега көлү, Онего – Россиянын европалык бөлүгүнүн түндүк-батышында. Карелиянын, Ленинград, Вологда облусунун аймагында. Аянты 9,7 миң чарчы/чакырым (аралдарсыз). Тереңдиги 127 мге чейин. Жогорку Свирь ГЭСи курулгандан баштап суу сактагычка айланган (аянты 9950 чарчы/чакырым). Көлгө Вытегра, Суна ж. б. дарыялар куюп, андан Свирь дарыясы агып чыгат. Кеме каттайт. Ак деңиз – Балтика каналы аркылуу Ак деңиз жана Балтиканын алаптары, Волка – Балтика суу жолу аркылуу Волганын алабы менен байланышат. Балык кармалат. Көл жээгинде Петрозаводск, Кондопага шаары, Кижи музей коругу жайгашкан.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)