Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Оливье Лоуренс Кемрр

Оливье Лоуренс Кемрр (Olivier, Laurence, 22. 5. 1907, Суррей Доркинг, – 11. 07. 1989, Улуу Британия Батыш Суссекс, Стайнинг) – англис актёру, театр жана кино режиссёру. Э. Фожертининин жетекчилиги менен Борбордук декламация жана драма искусствосу мектебин бүтүргөн. 1926–28-ж. Бирмингем, кийин Лондон жана Нью-Йорктун театрларында иштеген. 1929-жылдан киного тартылган. «Олд Вик» (1944–49, Р. Ричардсон жана Ж. Баррелл менен бирге), «Сент-Жеймсес-тиэтр» (1951–52), «Чичестер фестивал тиэтр» (1962–63), Улуттук (1963–73) театрларда жетекчи, режиссёр болуп иштеген. У. Шекспирдин драмаларынан Гамлет, Ричард III, Генрих V, Тит Андроник, Кориолан, Отеллонун ролдорун жогорку чеберчиликте аткарган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)