Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Олеттер элөт же огелед

Олеттер, элөт же огелед - Монголиянын Кобдос, Арахангай аймактарында жашаган монгол тилдүү калк. Саны 10 миңден ашуун, ойрот диалектисинде сүйлөшөт. Тарыхый фольклордун маалыматтары боюнча жунгарлар түндүк олеттерден тарашкан. Изилдөөчүлөр этноним «өз алдынча бөлүнгөн», «жамааттан, негизги журттан ыраак жайгашкан эл» маанисин туюнтат. 1753-1756-жж. олеттердин көпчүлүгү цин-манжур аскерлери тарабынан жазаланып, кыргынга учураган. Бул субэтнос «кара калмактар» деген ат менен да белгилүү. Текес суусуна жакын жерлерде жашашат. 20-к. 20- ж. чейин Ысыккөлдөгү сарт - калмактар өздөрүн олеттер деп аташчу. Олеттердин келип чыгышында дэрбэт, хойт, уранхай, кыргыздар негизги роль ойношкон.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)