Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Оленёк

Оленёк – Саха Респуликасындагы дарыя, башаты Краснояр крайында. Узундугу 2292 км, алабынын аянты 220 миң чарчы/чакырым. Вилюй платосунун түндүк чет жакасындагы чакан көлдөн башталып, Букочан токол тоосун этектей агып, Лаптевдер деңизинин аты окшош булуңуна куярда аянты 475 чарчы/чакырым болгон дельтаны пайда кылат. Нугу босоголуу, ири куймалары: Силигир (оң), Унукит, Биректе, Куойка, Беенчиме, Бур, Буолкалах (сол). Кар жана жамгыр сууларынан куралат. Июндан октябрга чейин кирип, октябрдан июнга чейин тартылат. Орточо чыгымы 1210 м3/сек. Сентябрдын аягы – октябрда тоңуп, майдын аягы – июндун 1-жарымында муздан арылат. Балыкка бай.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)