Окууучуларды медициналык кароодон өткөрүү

Окуучуларды медициналык кароодон өткөрүү – медициналык кароо өзүнүн милдети боюнча үчкө бөлүнөт:

Алдын ала кароонун максаты окучулардын ден соолугунун текшерип, окуп кетүүгө жарамдуулугун аныктоо. Мезгил-мезгили менен дайыма медициналык кароодон өткөрүү профилактикалык максатты көздөйт. Мында айрым окуучулардын кайсы ооруга организми жакын экенин, кантип алдын алуу жолдорун аныктайт. Айрым оорунун башталышына жол бербей алдын алууга болот. Массалык кароодон өткөрүү айрым эпидемиялык ооруларга таралуу шарты пайда болгондо жүргүзүлөт. Мында массалык эмдөөгө алдын ала даярдык көрүлөт.

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)