Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Окутуунун компьютердик технологиясы

Окутуунун компьютердик технологиясы – окутуунун техникалык каражаттарынын бири компьютер боюнча окуу системасы. Окуу процессинде компьютер төмөндөгүдөй максаттарда колдонушу мүмкүн: мугалимдин предметти жана программалоону окуучуга окутуу, окуучунун окуу жана өз алдынча окуусу, билимди контролдоо жана кайталоо, алган билимди өркүндөтүү жана бышыктоо (эсеп, чыгарылыш, маселе, графика жана башкалар), окутуучунун жана окуучунун эмгекти илимий уюштуруусу, формуланын, физикалык чоңдуктардын, хронологикалык жана башкалар маалыматы жана библиотекалык маалыматы, окуучулардын көркөм, музыкалык жана адабий чыгармачылыгы, окуучулардын жетишүү, катышуу жана жүрүш-турушу тууралуу жыйындардын (топтом) жана анализдердин маалыматы, физикалык процесстерди, техникалык каражаттарды, химиялык реакцияларды, Жердеги саякаттарды жана космикалык учууларды моделдештирүү, бош убакытты жана оюндарды уюштуруу.

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)