Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Октук жүк

Октук жүк – автомобилдин огуна жана жолдун бетине туура келүүчү жүктүн оордук салмагы (басымы). Октук жүктөрү чоң болгон автомобилдер жолду тез бузат. Ошондуктан бардык өлкөлөрдө жүк ташуучу автомобиль жана автопоезддердин октук жүктөрү чектелген. КМШ өлкөлөрүндө октук жүк боюнча бардык автомобилдер жана автопоезддер эки топко (А жана Б) бөлүнөт. А тобуна 1-жана-2 категориядагы (бети асфальтталып, негизи бышык жасалган) жолдор, ал эми Б тобуна автомобилдер жана автопоезддер жүрүүчү бардык жол тармактары кирет. Автомобилдин окторунун ортосундагы аралык 3 м же андан ашык болгон учурда автомобилге жана чиркелмеге уруксат кылынуучу октук жүк – А тобу үчүн 100 кН (10 тонна. күч), Б тобуна – 60 кН. Эгерде октордун ортосундагы аралык 3 мден аз болсо, октук жүк А тобу үчүн 90 кН, Б тобуна 55 кНго азайтылат. Ал эми автобустар үчүн бул көрсөткүчтөр бир топ жогорулатылган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)