Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Оюнчуктар

Оюнчуктар — балдардын өз алдынча аракеттенүүсүнүн жана балдар оюнунун буюмдары. Балдарды эмгекке тартууга, активдүү эс алышына, ар тараптан гармониялуу тарбиялоого көмөк берет. Ошондой идеялык, көркөмдүк жана педагогикалык жактан жетиштүү болуп баланын жаш өзгөчөлүгүнө ылайык келиши керек. Ал балдарга педагогикалык активдүү таасир тийгизет. Бала өз убактысында ар тараптан өсүшү үчүн анын психикасына жана дене өсүшүнө жардам берүүчү, жөндөмдүүлүгүн арттыруучу О-ды тандоо зарыл. О-ды жасоого жана чыгарууга санитариялык көзөмөл жүргүзүлөт. Ошондой формасы жана конструкциясы боюнча учтуу, кырдуу болбой, ойноого ыңгайлуу болууга тийиш.

3 айга чейинки балдарга көрүп алаксычу оюнчуктар (ачык түстөгү жыгачтан жасалган шалдырак, коңгуроо жана башкалар) ылайык. 7 — 8 айга чейинки балдарга кармалап көрүп ойногонго ар кандай формадагы кездеме, жыгач, резина, жумшак же катуу пластмассадан даярдалган О-ды берсе болот. Мезгил - мезгили менен О-ды алмаштырып, бат-бат жууп, керек болсо дезинфекциялоо керек, анткени бала колуна эмне тийсе, оозуна салат. 1ден 3 жашка чейинки бала (Шилтеме: Мектепке чейинки балдар) буюмдарды ажыратып таанып, аларды эмгек куралы катары ойносо жакшы. Балдар пирамида, куурчактар, машина, күрөк, калак менен ойноп, алар буюмдун көлөмү, формасы, өңү жөнүндө түшүнүк алат, кыймыл активдүүлүгү көбөйөт. 3 жаштан 7 жашка чейинки бала өзүнө жашташ балдар менен коомдук турмушту чагылдырган темадагы оюндар менен ойноп, социалдык аң-сезимин калыптандырат.

Балдардын О-ын атайын бөлүнгөн, ойноого ылайыкталган бурчка сактоо керек. Мектеп жашындагы балдарга татаалыраак, бүтүндөй системадагы, тематикалык, универсалдык конструкторлор, химия, физика боюнча тажрыйба жүргүзүүгө арналган приборлор техника боюнча чыгармачылыкты өркүндөтүүгө, келечекте кесип тандоого жардам берет. Кыймыл-аракетти күчөтүүчү О-дын мааниси чоң. Аларга спорт оюндары, топ, секиргичтер жана башкалар кирет. Балдар улам чоңойгон сайын О-дын ордуна спорттук шаймандар, лыжа, велосипед, коньки, бадминтон жана башкалар менен ойной башташат. Куурчак театрын көрүү сахна өнөрүн түшүнүүгө жардам берет.

Шашка, шахмат, стол үстүндө ойнолуучу оюндарга да кызыга башташат. О-ды таза кармоо зарыл. Резинадан, пластмассадан жасалган О-ды ысык сууга соданын 2%түү эритмесин кошуп жууп, темир О-ды ысык суу менен тазалайт. Биздин өлкөдө О-ды жасоо көркөм өнөр жайдын бир түрү. Алар баланы өз өлкөсүнүн, дүйнө элдеринин улуттук маданияты менен таанышууга, билүүгө жардам берет. О-дын жаңы үлгүлөрүн сүрөтчү - дизайнерлер жаратат, аларды көркөм-техникалык совет бекитет. О-ды 800дөй ишкана чыгарат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)