Оюн ситуациясында балдардын өз ара реалдуу мамилеси оюн түрүндө өтөт

Сюжетти жана ролду ачып берүүдө мамиле оюн түрүндө чагылдырылат. Бала " Карышкыр жана жети улак" деген жомоктон карышкырдын ролун алса, ал улактын ролундагы балдарга айбаттуу, ачууланып карышкырды туурап ойноп, мамиле жасайт. Реалдуу мамиле оюндун жүрүшүндө курбалдаш жана өнөктөш катары түзүлөт. Балдар ролду бөлүштүрүүдө макулдашып, оюндун жүрүшүндө пайда болгон суроолорду бирге чечишет. Оюн баладан демилгелүүлүктү, пикир алмашууну, өзүнүн аракетин курбалдаштарынын аракети менен багыттап жөнгө салганды талап кылат. Бала өз алдынча ойной баштаган мезгилде эле пикир алмашууга умтулганы байкалат.

Кичинекей бөбөк өз алдынча ойноп жатып, жанында ойноп жаткан бөбөккө назар салат. Ага оюнчугун берип жылмаят, таң калгансып карайт, бул өз ара мамиленинин эң алгачкы пайда болгон формасы. Оюн ыкмаларынын жана аракеттердин өнүгүүсү менен баланын ойноо убактысы өзгөрөт. Бала чоңдордун турмушун кабыл алып, үй-бүлөдөгү жана коомдук мамилелерди түшүнүп өздөштүрө баштайт. Энесинин кызматын, үй-бүлөдөгү мамилесин, иштеген иштерин жана башка өзгөчөлүктөрдү оюн иш-аракетинде кайра чагылдырууга умтулат, бирок аларда өнөктөшү менен ойноонун зарылчылыгы пайда болот.

Сюжеттүү оюнда курбалдаштары менен бир нече ролдорду бөлүштүрүп, алар менен макулдашып ойноого аракеттенет. Биргелешкен оюнда балдар пикир алмашып, өз ара жардамдашып, түшүнүп, макулдашып аракеттенүүгө үйрөнүшөт. Балдардагы биргелешкен оюн анын мазмунун байытып, өнүктүрүүнүн шарты оюндун мазмунун татаалдашы реалдуу өз ара мамилени активдештирип, балдарды кызыктырып, белгилүү ролду ачып берүүгө мүмкүндүк берет. Реалдуу өз ара мамиле оюндун башталышында пайда болуп, анын жүрүшүндө сакталып, ролду бөлүштүрүүдө ар кандай багытта өтөт.

Эгерде оюнда катышкан бала өзүнүн ролун аткарбастан өзүнүн курбалдаштарын башкарганга умтулса оюн аракеттери татаалдашат. Мисалы, "Бала бакча" деген оюндун жүрүшүндө бала тарбиячынын ролундагы курбалдашын укпай, атаандашса, оюн аракетинде реалдуу мамиле түзүлбөйт, белгиленген оюндун сюжетинде анын мазмуну өнүкпөйт. Оюндун мазмунун толук өнүктүрүүдө ойноп жаткан өнөктөштөрүнүн каалоосун жана мүмкүнчүлүгүн түшүнүп, оюндун ситуациясына ылайык мамилелердин системасы түзүлүүсү зарыл. Психологдор А. Н.Леонтьев, Д. Б.Эльконин, А. В.Запорожец чыгармачылык оюнду мектеп жашына чейинки баланын психикасынын өнүгүүсүнүн негизги шарты катары илимий-эксперименталдык багытта изилдешкен. З. М.Истомина өзүнүн илимий изилдөөсүнүн негизинде лабораториялык экспериментте берилген сөздөрдү, оюн шартында тез жана көп санда эске сактарын аныктаган.

Оюн иш-аракетинде эрктүү эске сактоо жана эрктүү көңүл буруу өнүгө баштайт. Оюн шартына ылайык, оюн ситуациясына байланыштуу бала тиешелүү заттарга көңүл буруп эске сактоого аракеттенет. Оюндун жүрүшүндө курбалдаштары менен түзүлгөн мамиле ар кандай аракеттерди аткаруу баладан ынталуулукту жана эске сактоону талап кылат. Чыгармачылык оюнда пайда болгон оюн ситуцияларынын жана аракеттердин чоң кишилер жана балдар тарабынан түзүлүшү акыл аракетинин өсүшүнө шарт түзөт да, ойлоонун жана сүйлөөнүн өнүгүүсүнө таасир этет.

В. М.Богусловская оюн аракеттеринин калыптанышы корутундулоонун жогорку формасын пайда кылат деп белгилеген. Бала эң алгач заттардын маанисин өздөштүрүп, оюнда акыл аракети активдешет. Оюн иш-аракетинде ой процессинин өнүгүүсү менен катар кыялдануунун жогорку деңгээли байкалат, оюндун жүрүшүндө бала ролду аткарууда керектүү заттарды оюнчуктар менен алмашщтырат, мындай жөндөмдүүлүк кыялдануунун пайда болуп өнүгүүсүнүн негизин түзөт.

Үч – төрт жашар бөбөк таякчаны, кагазды оюндун сюжетине байланыштуу пайдаланып аракеттерди аткарса, беш-алты жашар бала чыгармачылык оюнда ситуацияны чагылдырууда заттарды мааниси боюнча пайдаланууга аракеттенет. Сатуучунун ролун ачып берүүдө анын кийими, иштеген ишине тиешелүү заттарды мааниси боюнча тандап максаттуу пайдаланып, оюн ситуациясында балдар өз ара пикир алмашып, курбалдашынын кайрылуусуна, сөз көрсөтмөсүнө карата өзүнүн каалоосун түшүндүрүүдө пайда болгон зарылчылык сүйлөөнүн өнүгүүсүндөгү өбөлгө. Баланын речи оюндун сюжетине байланыштуу анын мазмунун ачып бергенде активдүү түрдө өнүгөт. Оюн иш-аракетинде психикалык процесстердин өнүгүүсү менен катар баланын жүрүм-турумунун эрктүүлүгү, мотивдин өзгөчөлүгү байкалат, ар кандай сезимдер, инсандык сапаттар калыптанат. Бала оюндун эрежесин өздөштүрүү менен катар өзүнүн жүрүм-турумун контролдоп, балдар коллективинде ойноого үйрөнөт.

Оюн баланын инсандык сапаттарынын калыптаныш булагы жана тарбиялоонун каражаты. Оюн иш-аракетинде балдар коллективинде курбалдаштары менен мамилени жөнгө салууда оюн маанилүү орунга ээ болуп, жүрүм-турумдун нравалык нормасы түзүлө баштайт, нравалык сезим байкалат. Балдар оюнда активдүү, алар мурда кабыл алгандарын чыгармачылык менен кайра түзөт жана өздөрүн, эрк аракеттерин башкарышат.

Башка адамдын образы аркылуу баланын жүрүм-туруму калыптанат. Өзүнүн жүрүм-турумун башка адамдын жүрүм-туруму менен дайыма салыштыруунун натыйжасында, балдар өзүн "мен" деп, жакшыраак билүүсү пайда болот. Демек, баланын инсан катары калыптанышында ролдук оюн өзгөчө таасир этет.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)