Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

ой тобо

Баш барак | Ырдайлы кыргыз ырларын | ой тобо

Жагалмай деген жапан куш

Жар ташка барып конгон жок.

Жарпымды жазар тен курбум,

Ой тобо деги, деги

Жайлообуз бирге болгон жок.

Кыргыйек деген кыраан куш,

Кыр ташка барып конгон жок,

Кылыкташ менин тен курбум,

Ой тобо деги-деги

Кыштообуз бирге болгон жок.

Агарып сургон тан менен,

Аркарлар оттойт кумайда,

Алыска кетип калат деп,

Ой тобо, деги-деги

Асылкеч курбум мунайба.

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 1021, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-20
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо