Үзүк боо

Үзүк боо — «Боегун жакшы кандырган, Боосун терме чалдырган» (Жеңижок). Бул — боз үйдүн боочуларынын бири. Үйдүн үзүгүнөн (эки үзүккө төрт боо) уукту арта айлантып, керегенин билегине байлана турган боо. «Үзүк боо», «кереге чалгыч», «жабык баш боо» — булардын эни бирдей келет. Эриш жиптери өрмөккө бирдей түшөт. Мунун да «терме», «кажары» жана «беш кеште» кылып түшүрүү ыкмалары болот. Аны кара таар, сызма таар кылып, жөнөкөй эле согууга мүмкүн. Буларды терме кылып согууда өрмөкчүлөр «бадам көчөтүн» берүүдө мурун алты кызыл жипти алышат. Экинчисинде, көк жиптен ошончону илет.

Үчүнчүсүндө, кайра кызыл жиптен үчөө илинет да, кайра кызыл жиптен бирөө «секиртме» болуп түшөт. Себеби, «мүйүз көчөтү» үзүлүп калбоосу үчүн так ошондой «секиртме» берилет. (Секиртме — көчөт ортолорун кынаптоо). Анан көк жиптен экөө, кызыл жиптен үчөө, кайра түрдүү жип түшүрүлөт. Эгер тал жиптер кызыл менен көк болсо адегенде анын кызыл жибинен төрттү, кийин көгүнөн төрттү терет, анан кызыл жиптен төртөө дагы терилгенден кийин көгүнөн экөөнү эле алат. Эми кызыл жиптен экөө эле терилгенден кийин «чагырмактын сыңары» пайда болот. Демек, мунун экинчи сыңарын чыгарууда жогорудагы жупташтыруу тартиби дал өзүндөй кайталанат. Ал эми «чагырмак» көчөтүнүн «төңөлүгүн» чыгаруу үчүн адегенде көк жиптен экөөнү, анан кызыл жиптен экөөнү, кызыл - дан төртөөнү терет.

Анан дагы «калкытмасы» дегенине экинчи жагында бул ыкма дал өзүндөй кайталанат. «Тумарча көчөтү» бир нече элементтерден турганы менен мында ачыктык жана тактык бар. Тумарчалардын эки учуна «ийректер» түшөт. Четки төрт бурчтуктун ичинде «кызыл кресттин» белгиси болот. Бул териге «тумарча ийрек» деген атта тараган. Уздар «сүлөөсүн тырмакты» «такта көчөт» дейт. Бул ЭЕ формасын элестетет да, өрмөктүн четтик көчөтүнө кирет.

Таар бетине «беш кеште» көчөтүн берүү узчулукту көрсөтөт. Мында сайма көчөттөрдүн негизинде үч бурчтук формасын түзгөн бир нече элементтерден айкалышкан көркөмдүктөр кездешет. Ал эми «кайчы көчөтү» төрт көздөн турат. Адатта, «ат жабуу» өңдүү терме таарга сайма түшүрүү аркылуу бүткөрүлгөн асыл буюмдардын жээгине өзүнчө кара аттын кашкасындай ажайып берген жазылыгы эки элидей (3—4 см) «карга канат», же «багжагай» көчөтү ак-кызыл өңдө берилет. Бул көчөттү көчүрүү Лейлек, Баткен, Кадамжай, Ноокат, Алай райондорунда учурунда укмуштай өнүккөндүгү кароо-конкурстарга, көргөзмөлөргө, тарых, этнографиялык жана сүрөт музейлерине түшкөн экспонаттардан ачык көрүнөт. Беш кештеде болсо «чууртма көчөтү» көп колдонулат. Ал «өрмөчүлүктүн саймасы» болуп эсептелет. Көчөт өзү айтып тургандай мунун көркөмдүктү түзүүчү элементтери өтө жөнөкөй, өрмөк үстүндө чалуу жеңил. Мында көчөт элементтери биринин артынан бири ээрчип кете берет.

Башы «кош мүйүз» болуп көрүнөт. «Кекилик каш көчөтүн» жаратууда тал жиптерге чалуунун татаал аракеттери байкалып турат. «Төр кеште көчөтүн» «панжара» деп атайт. Ал кадимки тор чачык сымал анын өзүнчө көзчөлөрү болот. Алар берки көчөт араларына кирип кетет. Ал эми «кекилик кашта» таракча бар. «Чаян көчөтү» да көп колдонулат. Ал жети элементтен куралып, кадимки «чаянды» элестетет.

Бул элементтердин аралары торчолонуп берилип, анда «ийрек көчөттүн» элементтери да түшөт. Мындай бөтөнчөлөнгөн касиеттер Аксы, Алай-Куу, Чаткал тараптарда жашаган элдердин жараткан көркөм буюмдарында көп жолугат. Мында үлгүнүн жердиги актан тандалышы тийиш.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)