Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Үсөнов Талант

Үсөнов (Ыпыев) Талант 1955-ж. т., Жети-Өгүз району, Балтабай (Алкым) айылы — спортсмен-марафончу, СССР спортунун мастери (1981, марафондук чуркоо боюнча, дистанция 42 км 195 м).

1977-ж. Каракол мамлекеттик педагогикалык институтунун табигый-география факультетин бүтүргөн.

1977—78-ж. Комсомолдун Жети-Өгүз райондук комитетинин инструктору, 1978—91-ж. Каракол мамлекеттик педагогикалык институтунун дене тарбия кафедрасынын улук лаборанты, администрациялык-чарба боюнча проректор, 1992-жылдан Ысык-Көл облустук айыл чарба башкармасында иштеген.

Марафондук чуркоо боюнча республикалык, союздук, эл аралык мелдештердин катышуучусу (1980—86-ж. , Румыния, Венгрия, Монголия, Индия, Шри-Ланка, Польша).

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)