Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Үсөналиева Мырзабүбү

Үсөналиева Мырзабүбү - жазуучу жана котормочу. Жайыл районунун Кызыл-Октябрь айылында 1946-жылы 15-ноябрда туулган.

1964-жылы Кара-Балта шаарындагы мектеп-интернатты, 1970-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетин бүтүрүп эмгек жолун мугалимдик кесипте Жайыл районунун Талды-Булак орто мектебинде баштаган.

М. Үсөналиеванын повесттери, аңгемелери республикалык «Литературный Кыргызстан» журналында жана кыргызстандык авторлордун чыгармаларын камтыган «Горизонт» жыйнагында жарык көргөн. Чыгармаларын орус тилинде жазган авторлордон.

Жазуучунун чыгармачылык эмгегинде орчундуу орунду котормочулук ээлейт. К. Акматовдун «Мунабия» аңгемесин, «Архат» романын, С. Раевдин «Соцреализм» жана башка аңгемелерин, К. Иманалиевдин повесттерин, ж. б. бир топ кыргыз жазуучуларынын прозалык чыгармаларын орус тилине которгон. Анын котормолорунун көбү россиялык белгилүү басмаларда жарык көргөн.

1994-жылы «Эмгек ардагери» медалы менен сыйланган.

1995-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар Союзунун мүчөсү.

Восхождение: Повесттер жана аңгемелер жыйнагы. – Ф.: Адабият, 1992. – 118 б.

Девичья душа-девичья краса: Повесттер, аңгемелер, котормолор. – Б.: Учкун, 1998. – 222 б.

Акматов К. Архат в кн: "Открывая друг друга", – М.: ООО "Дрофа" – 2007.

Акматов К. Архат: роман. – М.: Московский парнас, 2008. – 351 с.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)