Үрмарал

Үрмарал — Талас Ала-Тоосунун түндүк капталынан башталган суу. Бакай ата районунун аймагында. Узундугу 69км, алабынын аянты 1130 чарчы/чакырым,анын 3%ин мөңгү, түбөлүк кар ээлейт. Үрмаралдын 207 куймасы бар, ирилери:Бешкөл, Чийимташ, Чоң жол, Кара коюн. Алабында 27 майда көл (жалпы аянты 0,99 чарчы/чакырым), 41 мөңгү (35,8 чарчы/чакырым) бар. Кар, мөңгү сууларынан куралат. Көп жылдык орточо чыгымы 8,7м3/сек, эң азы 0,70 м3/сек, эң көп чыгымы 30,5 м3/сек. Май айында кирип, сентябрь–октябрда тартылат. Жылдык агымынын 52%и июль–сентябрь айларына туура келет. Сугатка пайдаланылат. Суу өткөрүүчү жөндөмдүүлүгү 19,3м3/сек келген 11 сугат каналы чыгарылган. Эң ириси Бакаташ (4,0 м3/сек). Өрөөндө Үрмарал, Миң булак кыштагы жайгашкан.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)