Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Үркүн 1916-жыл

Кыргызстандагы 1916-жылдагы Уркун – кыргыз элинин орус падышалыгынын колониялык саясатына каршы улуттук-боштондук күрөшү. Россия империясы Орто Азияда колониялык саясат жүргүзгөнү маалым. Кыргыздар орус падышасынын бийлигин таанып, анын буйрук, жарлыктарына ылайык милдеттүү болгон. Падыша өкмөтү аймакты башкарууда жергиликтүү элдердин түпкү кызыкчылыктарын эске алган эмес. Колониялык саясаттын күчөшү, түпкү калктын нааразылыгын күчөткөн падышачылыктын жер саясаты Кыргызстандын түндүгүнө Борбордук Россиядан орус, украин дыйкандары көчүп келе баштаган.

Колониялык бийлик аларга ар тараптан колдоо көрсөтүп, кыргыздардын суусу мол, дыйканчылыкка ынгайлуу жерлерин тартып берген. Анткени казак-орустар сыяктуу эле келгин дыйкандар дагы аймактагы падышачылыктын таянычы болмок. Кыргыздардын мыкты өрөөн-өтөктөрдөн ажыроосу алардын улуттук аң-сезимине терең таасир эткен. Айрыкча биринчи дүйнөлүк согуш маалында кыргыздардын абалы аябай оорлоп, элдин кыжырдануусу күчөгөн. Согуш жылдары эгин аз эгилгендиктен түшүм эки эсе азайган. Малдын саны да кыскарган.

Жалаң гана согуштук керектөөлөр үчүн Жети-Суу облусунан жыйналган мал чарба азык түлүктөрдүн наркы 55 млн. сомго жеткен. Базар баасы абдан өскөн. Алык-салыктардын, ар кандай ыгым-чыгымдардын өлчөмү көбөйгөн. Мисалы, түтүнгө салынчу салык 4 сомдон 8 сомго өскөн. Өлчөмү 1 сом 84 тыйын болгон аскер салыгы да киргизилет. Падышалык чиновниктер согушту шылтоолоп, жергиликтүү калктан ат-төөлөрдү, кийим-кече, кийиз, боз үйлөрдү көп жыйнаган. Аскерге кеткен орус дыйкандарынын чарбасына кыргыздарды күчтөп иштеткен. Бул кыргыздардын абалын ого бетер начарлаткан.

Согуш жылдарында жергиликтүү элдин жерин тартып алуу улана берген. Алсак, Чүй өрөөнүндө гана 1915-жылга карата кыргыздардан 700 миңден ашык гектар жер тартылып алынган. Ал эми Түштүк Кыргызстанда 82 миң га жер орус дыйкандарына берилген. Нааразычылыктын күчөшүнө орус төрөлөрүнүн, айрым келгин дыйкандардын жергиликтүү элдин маданиятын, каада-салттарын, динин, тилин басмырлоосу да түрткү болгон. 1916-жылы июнда жергиликтүү элдерди согуштук-оорук иштерине чакыруу жөнүндө падышанын Указы жарыяланган. Ансыз да кыжыры кайнап эл падышанын каарынан, мыкты куралданган аскерлеринен жалтанбай күрөшкө көтөрүлгөн.

1916-жылы көтөрүлүш Орто Азия, Казакстандын кеңири аймагын кучагына алган. Ага 10 млн. жергиликтүү калк тартылган Элдик кыймыл июль айында адегенде толкундоолор түрүндө башталып, августта куралдуу көтөрүлүшкө өсүп жеткен да октябрдын аягына чейин созуган. 1916-жылы 4-июлда Кожент шаарында өткөн толкундоолордон көтөрүлүштүн оту тутанган. Алар падышанын Указына ачыктан-ачык нааразылык билдиришкен. Көп өтпөй мындай толкундоолор бөлөк айыл-кыштактарда, калааларда да башталган.

Июль айынын орто ченинде толкундоолор Фергана өрөөнүндө кеңири кулач жайып, ага кыргыздар активдүү катышкан. Көтөрүлүш башталганда эле Анжиян уездинин Алтын-Көл, Базар-Коргон болуштуктарынын калкы айрыкча чечкиндүүлүктү көрсөтүшөт. Алар падышанын Указын аткаруудан ачык эле баш тартып, тизмелерди жок кылышкан. Мындай окуялар коңшулаш Балыкчы, Желкудук, Массан, Майсары жана башка болуштуктарда да болгон. Айрыкча кыргыздар жашаган тоолуу аймактарда элдик кыймыл курч мүнөздө өткөн. Көтөрүлүшкө Кокон, Наманган уездеринин кыргыз калкы да активдүү катышкан.

Ал эми Ош уездинде көтөрүлүш июлдун баш ченинде эле башталып, толкундоолордун эң ириси Сулайман тоонун этегинде өткөн жыйын болуп эсептелет. Ага 10 миңдей киши катышкан. Жыйынга чогулган эл «Согушка барбайбыз! Балдарыбызды бербейбиз!» деп ачык эле каршылык көрсөтүшкөн. Колониялык бийлик жазалоочу аскерди чакырып, жыйынды араң таркаткан. Жыйындын айрым уюштуруучулары, демилгечилери камакка алынган.

Мындай толкундоолор Булакбашы болуштугунун Кожо-Абад, Чакар кыштактарында дээрлик бир жумага созулган. Ошол эле июль айында Үч-Коргон кыштагынын эли көтөрүлгөн. Аны падышалык аскерлер күч менен баскан, үч киши өлүп, 15 киши камалган. Өзгөндөгү көтөрүлүш да курч мүнөздө жүрүп, бир нече күнгө созулган. Элдик кыймылга Алай, Гүлчө, Ноокат, Куршаб жана башка болуштуктардын калкы да тартылган. Августтун башында Түштүк Кыргызстандын кеңири бөлүгү көтөрүлүштүн кучагында калган.

Кыргызстандын түндүгүндө алгачкы толкундоолор июль – июнь айынын ортосунда башталып, айрым өзгөчөлүктөргө ээ болгон. Көтөрүлүшкө кыргыздар, казактар, дуңгандар, уйгурлар, сарт-калмактар, татарлардын өкүлдөрү, кээ бир орус, украин дыйкандары катышкан. Көтөрүлүш мыкты куралданган падыша аскерлери менен куралдуу кагылышуунун деңгээлине өсүп жеткен. Июль айынын аягында элдик толкундоолор Жети-Суу облусунда кулач жайган. Ал эми августта куралдуу көтөрүлүштүн алоолонгон оту тутанган. Түндүк Кыргызстанда куралдуу көтөрүлүш кеминдик кыргыздардын кыймылы менен башталган.

Августтун башында Кеминдеги Шабдан баатырдын мечитинде жыйын өткөн. Жыйында падышанын Указы, калктын оор абалы, тагдыры узакка талкууланып, көпчүлүк калк Указды аткаруудан баш тарткан. Көз каранды эместик үчүн күрөш баштоо жөнүндө бүтүм чыгарылган. Күрөштө элге баш-көз болсун үчүн эзелки каада-салт боюнча калайыкка баркы бар Шабдан баатырдын уулу Мөкүш хан көтөрүлгөн. Бул кыргыз элинин көчмөн турмушу менен шартталып, хан бийлиги өз алдынча мамлекетти калыбына келтирүү түшүнүгү менен ажырагыс байланышта каралган.

Ал ошол учурдагы аң-сезимдин деңгээлинде көз каранды эместикке умтулуу болгон. Көп өтпөй бөлөк аймактарда да жол башчыларды хан көтөрүү жүргөн. Ысык-Көлдө Батыркан Ногой уулу, Борбордук Теңир-Тоодо Канат Ыбыке уулу хан көтөрүлгөн. Кескин айырмачылыктарына карабастан, эмгекчил эл менен ак сөөк төбөлдөр кыйынчылыкта биригишкен. Көп узабай көтөрүлүш Кеминден Сокулукка чейинки аймакка кулач жайган. Көтөрүлүшчүлөр Верный – Пишпек жолун ээлеп, почта, телеграф байланыш түйүндөрүн талкалашкан. Элдик кыймылды тез басуу үчүн падышалык акимдер Түндүк Кыргызстанга 2 казак-орус полку, 6 жүздүк, 30дан ашуун рота жиберген.

8-августта Токмокко жакын жайгашкан айылдарда көтөрүлүш башталган. 9-августта Боом капчыгайында Ыбрайым Төлө уулу баш болгон кыргыз кошууну Көлгө бараткан аскерлердин жолун тоскон. 30 миңден ашуун огу менен 200гө жакын мылтык олжо кылынган. Август айынын ортосунда Ысыккөл ойдуңунда, Таласта, Борбордук Теңир-Тоодо күрөш күчөгөн. Кочкордо көтөрүлүшчүлөр Столыпино, Белоцарский айылдарына чабуул коюшкан. Ал эми Чүйдө Токмок шаарын камоо 10 күнгө созулган (13–22-август). Ошол кезде Пишпек уездинде 12 болуштуктун эли көтөрүлүшкө чыкканы белгилүү. Көл кылаасындагы куралдуу көтөрүлүш өзгөчө курч мүнөздө өткөн. Көтөрүлүшкө чыккан кыргыздар, казактар, уйгурлар менен дуңгандар Каркыра жарманкесинде 500дөн ашык дүкөндү өрттөшкөн.

Көлдө падышалык чиновниктерге, кулактарга кол салуу 9-августта эле башталган. Көтөрүлүшкө Ырдык кыштагынын дуңгандары 11-августтан тартып активдүү катышкан. Ошол күнү алар Ырдыкка келе жаткан аскерлердин жолун тосуп, андан соң Кара-Колго чабуул коюшкан. Эртеси кыргыздар жана дуңгандар шаарды ээлеп алууга чечкиндүү аракет жасашкан. Ошол эле күнү 400 кишиден турган дуңгандар кошууну падышалык аскерлерге кол салып, айыгышкан кармаш жүргөн. 12-августта Кара-Кол түрмөсүндө 300дөн ашуун кыргыз, дуңган, уйгур козголоң чыгарышкан.

13–14-августта Челпек, Бөрүбаш айылдарындагы калмактар күрөшкө тартылган. Бөрүбаш айылы бир нече күн көтөрүлүштүн чордону болуп турган. Көтөрүлүшкө башкыр, татар элдеринин өкүлдөрү, айрым орус, украин дыйкандары да катышкан. Көтөрүлүшчүлөр менен жазалоочу аскерлердин ортосундагы акыркы ири салгылашуулар августтун аягында 23- августта Кара-Колдун жанында, 28-августта Түптө болгон. Ага 7 миңден ашык киши катышкан.

Күзгө жуук көтөрүлүшчүлөр тоо таянып, чегине баштаган. Мыкты куралданган орус аскерлерине каршы кармаштарда алар оор жоготууларга учурашкан. Сентябрь айында коргонуу мүнөзүндөгү чакан беттешүүлөр болот. Падышалык аскерлердин ырайымсыз кысымына туруштук бере албасына көзү жеткен эл жан айласы кылып, Ата-Журттан качууга аргасыз болгон. Ошентип, кеч күздө кайгылуу Үркүн трагедиясы башталып, 39 болуштуктун эли үрккөн. Кытайга качкан 45 миң түтүн элдин жалпы саны 160 миң адамдан ашып, анын 130 миңге жакыны кыргыздар болгон. Үрккөн элдин малынын көбү таланып, калганы ит-кушка жем болгон. Пиржевальск уездинде гана 2,5 млнго жакын талоон болгону маалым.

1917-жылдын башына карата Жети-Суу облусунда 38 миң түтүн, же 150 миң адам зыянга учураган. Ошентип көтөрүлүш жеңилүү менен аяктаган. Анын негизги себеби көтөрүлүштүн алдын ала жакшы даярдалбагандыгы болгон. Жеткиликтүү уюшулбай, көтөрүлүшчүлөр чачырабоого, бөлүнбоого аракеттенишкен. Бирок оз ара байланыш солгун болуп, бирдиктүү жетекчилик болбогон. Көтөрүлүшкө чыккандардын согуштук даярдыгы жок эле, курал-жарак жетишсиз болгон. Жазалоочу падышалык аскерлер, албетте согуштук машыгуусу жана куралдануусу жагынан артыкчылык кылган.

Жеңилип калганына карабастан, көтөрүлүштүн тарыхый мааниси зор. Түпкү калк көз каранды эместик үчүн күрөштүн тажрыйбасына ээ болгон. Кубаттуу элдик кыймыл аймактагы колониялык бийликти кыйла алсыраткан. Аймактын колониялык эзүүнүн запкысы жанына баткан көп улуттуу калкынын ынтымагы арткан. Алар падышалыктын колониялык улут саясатына каршы күрөштө бирге болушту. Кыргыз эли Ата журтун бошотуу үчүн, өз алдынчалык үчүн көтөрүлүшкө чыккан. 1916-жылдагы кайгылуу окуя – кыргыз элинин 19-кылымдын экинчи жарымы – 20-кылымдын башындагы улуттук-боштондук кыймылдарынын эң ириси. Ал элдин эсинде «Үркүн» деген ат менен түбөлүккө сакталып калды.

"Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия" Бишкек 2003.

"Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору"

"И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети"

"Башкы ред. Ү. А. Асанов, жооптуу ред. А. А. Асанканов".

"Ред кеңеш: Ө. Ж. Осмонов (төрага) Т. Н Өмүрбеков"

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)