Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Үпүп

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Үпүп

Үп-үп деп үн салып отурган, башында желпигичтей кооз таажысы бар кушту көрдүңөр беле? Эгер көрсөңөр, ал үпүп деген куш. Ал куштардын көк карга сымалдар түркүмүнө кирет. Үпүптүн денесинин узундугу 30 сантиметрдей, тумшугу узун келип, ичке, буту кыска, манжалары узун, канаты жазы, куйругу түз болот. Жүнү саргыч, ак жана кара тактары бар. Ургаачысы менен эркеги окшош. Үпүп Евразия, Африка жана Мадагаскарда жашайт. Анын кээ бир түрүн сасык үпүп деп аташат.

Сасык үпүп аталышынын себеби, ал өзүнөн бөлүнүп чыккан заттардан уясын тазалабайт, ошондуктан уядан жагымсыз жыт чыгып турат. Сасык үпүптүн төшү менен жемсөөсү сары болот. Үпүп талаа жерлердеги көңдөйлөргө, таштардын арасына уя салат. 4-6 жумуртка тууп, ургаачысы 18 күн басат. Үпүп айыл чарбасына көп пайда келтирет, анткени өсүмдүктөргө зыян келтирүүчү курт-кумурскалар менен азыктанат.

Күзүндө үпүп түштүк жакка учуп кетет.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 1055, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу