Үнсүз тыбыштар

Үнсүз тыбыштар. Өпкөдөн чыгып келе жаткан абаны күчтүү агымы ооз көңдөйүнөн кандайдыр бир жолтоочулукка учурап, же чыңалган жолтоочулукту күч менен жарып, же ага сүрүлүп өтүүдөн үн менен шыбыштардын жардамы менен пайда болгон тыбыштар үнсүз тыбыштар (консонанттар) деп аталат. Кыргыз адабий тилинде 20 үнсүз тыбыш бар. Алар: б, в, г, д, ж, й з, к, л, м, н, ң, п, р, с, т, ф, х, ц, ч, ш. Үнсүз тыбыштар үндүүлөргө караганда саны жактан арбын жана жасалышы боюнча да ар түрдүү. Ошондуктан алардын классификациясы бир топ татаал.

Үнсүз тыбыштар төмөнкү белгилери боюнча классификацияланат:

Кош эринчилдер - астыңкы жана үстүңкү эриндердин бири-бирине кептелип калышы, ошол аркылуу абанын сыртка чыгышына бөгөт болушу менен жасалган тыбыштар: б, п, м.

Эрин-тишчилдердин айтылышында үстүңкү тиштерге астыткы эрин тийишет да, абанын агымын бөгөп турат. Алар: в, ф тыбыштары. Уччул үнсүздөрдүн артикуляцияланышында тилдин уч жаккы бөлүгү активдүү катышат, б. а. абанын агымына тилдин учу тоскоолдук кылат. Алар: т, д, с, з, ш, ж, л, н, р.

Орточул үнсүздөр тилдин орто бөлүгү катуу тандайга көтөрүлгөн абалында жасалат. Абанын агымына бөгөт болуучу органдар - тилдин орто бөлүгү менен катуу таңдай. Мындай тыбыштар: й, г, к, ж, ч.

Түпчүлдөрдүн жасалышында абанын агымына бөгөт болуучу органдар - жумшак таңдай менен тилдин арт жаккы бөлүгү. Мындай тыбыштар: к, г, ң, х.

Жасалыш ыгы боюнча үнсүздөр - жарылма, жылчыкчыл, мурунчул, капталчыл, дирилдеме, бириккен (аффриката) болуп бөлүнөт. Жарылмаларга төмөнкү үнсүздөр кирет: б, п, д, т, к. Бул тыбыштардын айтылышында аба бири-бирине кептелип бириккен органдардын (эки эриндин, тил менен таңдайдын, тил менен тиштердин ж. б.) арасын жарып өтөт. Абанын сыртка чыгышы кескин жана тез болот.

Жылчыкчылдар: в, г, ж, з, й, с, ф, х, ш. Бул тыбыштардын айтылышында сүйлөө органдары (тил менен таңдай, же тил менен тиштер) бири-биринге тиер-тийбес болуп жакындашып, өтө кууш жылчыкча түзүлөт. Абанын агымы ушул кууш өткөөлдөн сызылып өтөт. Мурунчулдар: м, н, ң тыбыштары. Бул тыбыштарды айтканда аба мурун көңдөйү аркылуу өтүп, тыбыш сүйлөө органдарынын бири-бирине кептелип калышы аркылуу жасалат. Капталчыл: л тыбышы. Бул тыбыштын айтылышында тилдин учу үстүңкү тиштерге такалып, аба тилдин эки капталындагы ачыктар менен өтөт. Дирилдеме: р тыбышы. Бул тыбыштын айтылышында тилдин учу ичмекей тартып, катуу таңдайга тийишет жана дирилдөө абалында болуп турат.

Калган үнсүз тыбыштар түгөйсүздөр деп аталат. Ошентип, кыргыз тилинин тыбыштык курамын түзгөн тыбыштар жана фонемалар, алардын бөлүнүшү тууралуу маалыматтар фонетикалык процесстерди өздөштүрүү жана фонетикалык талдоолорду жүргүзүү үчүн керек болгон эң маанилүү элементтерден болуп саналат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)