Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp *** Таанышуу боюнча жарнамалар 1 жумага 50 сом

Үмөтов Эрмек

Үмөтов Эрмек – жазуучу. Кара-Буура районунун Бейшеке айылында 1953-жылы 29-январда туулган. 1975-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин механика-математикалык факультетин бүтүргөндөн кийин, өзүнүн эмгек жолун Фрунзедеги политехникалык институтта мугалим болуп иштөөдөн баштаган.

1976-1979-жж. Нарын облустук «Нарын правдасы» гезитинде кабарчы, бөлүм башчы, ал эми 1979-1981-жж. комсомолдун Нарын шаардык комитетинде бөлүм баш-чы, экинчи катчы, 1981-1983-жж. партиянын Манас райкомунда инструктор, 1983-1988-жж. Манас райондук «Эмгекке даңк» гезитинин редактору, 1988-1991-жж. Талас район-шаар аралык «Эмгек шаңы» гезитинде башкы редактор болуп эмгектенген.

1991-1993-жж. Ташкендеги Жогорку партиялык мектептин журналистика бөлүмүнүн угуучусу болгон.

1991-2006-жж. Талас облустук «Талас турмушу» гезитинде башкы редактор, 2006-2009-жж. Талас районундагы «Андаш» алтын кенин иштетүүнү көздөгөн Британиялык «Андаш майнинг компани» фирмасында пресс-катчы, 2009-жылдан Талас облусунун мамлекеттик телекөрсөтүү жана радио уктуруу компаниясынын төрагасы болуп иштеп келет.

Бир катар публицистикалык, тарыхый макалалардын автору. Аңгеме, повесть, сатиралары «Ала-Тоо» журналына, «Кыргызстан маданияты» жумалыгына жана «Көктөм», «Жаш калем» адабий альманахтарына, республикалык мезгилдүү басылмаларын-да жарыяланган.

2002-жылы Журналисттер союзунун Сүйүнбай Эралиев атындагы сыйлыгынын лауреаты болгон.

1993-жылдан Кыргызстан Журналисттер союзунун, 1998-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Сыр: Аңгемелер жыйнагы. - Ф.: Мектеп, 1979. - 52 б.

Умтулуу: Повесть. - Ф.: Салам, 1982. - 146 б.

Таш алдындагы кат: Повесть. - Ф.: Салам, 1986. - 103 б.

Үмөт Молдо: Даректүү баян. - Б.: Салам, 2001. - 281 б.

Талас - рух ордосу: Сүрөттүү тарых баян. - Б.: Учкун, 2004. - 220 б.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)