Үмөтөв Жумабай

Үмөтөв, Жумабай (1933, Ак-Суу району – 1995) – кыргыз сүрөтчүсү. Кыргыз ССРинин эл сүрөтчүсү (1979). Москвадагы В. И. Суриков атындагы сүрөт институтунун көркөм мектебинен, Ленинграддагы В. И. Мухина атындагы жогорку көркөм өнөр жай окуу жайынан (1954–59) билим алган. Ү. Негизинен кездемелердин бетине түр салуу, улуттук оймо-чиймелерди иштеп чыгуу өнөрүнө көп эмгек сиңирген. 1961-ж. Ү. түр салган килем Москвадагы бүткүл союздук көргөзмөдө жогорку баага арзыган. "Аң уулоо" (1960), "Аңчы" (1962), "Кубаныч бийи" (1972) сыяктуу ала кийиздери Румыния, ГДР, Канада, Япония жана башка өлкөлөрдөгү эл аралык көргөзмөлөрдө көрсөтүлгөн. 1974-ж. соц. өлкөлөрдүн колдонмо искусство боюнча Эрфуртта (ГДР) өткөн көргөзмөсүндө Ү-дун ала кийиздери биринчи сыйлык алган. Живопись боюнча да эмгектери "Китепчен кыз" (1962), "Салкын таң" (1969), "Маанай" (1974) жана башка Ү. 1973-ж. СССР САнын күмүш медалына, 1974-ж. СССР эл чарба жетишкендиктеринин көргөзмөсүнүн алтын медалына татыктуу болгон. Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)