Үмөталиев Шаршенбек

(1925–2001)

Сынчы, адабиятчы, жазуучу Шаршенбек Үмөталиев Сокулук районунун Түз деген айылда 1925-жылы туулган.

Орто мектепти бүтүрүп, Улуу Ата Мекендик согушка өз ыктыяры менен кетет. 1951-жылы Кыргызстан мамлекеттик педагогика институтунун тил жана адабият факультетин артыкчылык диплому менен аяктап, 1952–1955-жж. Москва шаарындагы СССР Илимдер академиясынын М. Горький атындагы дүйнөлүк адабият институтунун аспирантурасында окуп, «Аалы Токомбаевдин поэзиясы» деген темада диссертация жактап, филология илимдеринин кандидаты болот. 1955–1960-жж. СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргызстан мамлекеттик университетинин филология факультетинде улук окутуучу, 1961–1965-жж. В. Маяковский атындагы Кыргызстан мамлекеттик кыз келиндер институтунда адабият боюнча улук окутуучу, кайрадан университетте улук окутуучу, 1968–1977-жж. Кыргыз ССР Илимдер академиясынын тил жана адабият институтунда улук илимий кызматкер, Кыргыз совет энциклопедиясында илимий редактор, редакциянын башчысы болуп иштейт.

Ш. Үмөталиевдин адабий сындагы ишмердиги 1950-жылдан башталып, кыргыз адабиятынын ар түрдүү маселелери боюнча макалаларды жазып, Ш. Үмөталиев орто мектептердин 10-классына арналган «Кыргыз совет адабияты» деген китепке 1953-жылдан бери авторлош болуп келген. «Калыгул Бай уулу» (1992), «Калыгул, Казыбек» (1992), «Аалы Токомбаев», «Алыкул Осмонов» жыйнактарынын түзүүчүсү. В. Г. Белинскийдин «Александр Пушкиндин чыгармалары» деген макаласын кыргыз тилине которгон. 1953-жылдан СССР Жазуучулар союзуна мүчө болгон.

Ш. Үмөталиев 1958-жылы Москвада өткөн кыргыз адабияты менен искусствосунун катышуучусу, «Литературный Кыргызстан» журналынын редколлегиясынын, 1969-жылдан «Ала-Too» журналынын редколлегиясынын мүчөсү болгон.

1993-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» деген наам берилген. Ш. Үмөталиев «1941–1945-жылдар да Улуу Ата Мекендик согушка катышкандыгы үчүн», «1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы күжүрмөн эмгеги үчүн», «1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңишке 30 жыл» деген медалдар менен сыйланган.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Кыргыз совет адабияты. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1955. – 256 б. (Б. Керимжанова менен бирге).

Алыкул Осмонов. Өмүрү жана чыгармалары. – Ф.: Кыргызмамбас, 1958. – 184 б.

Аалы Токомбаев. (Сын – библиографиялык очерк). Ф.: Кыргызмамбас, 1958. – 106 б.

Кыргыз совет адабиятынын тарыхынын очерки. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, I960. – 510 б. (Коллектив).

Аалы Токомбаев. (Чыгармачылык жолу). – Ф.: Мектеп басмасы, 1964. – 104 б.

Чындык жана чыгарма. – Ф.: Кыргызстан басмасы, 1964. – 244 б.

Кыргыз совет адабияты. 10-класс үчүн окуу китеби. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1968. – 264 б. (Б. Керимжанова, К. Иманалиев менен бирге).

Өркөнү өскөн адабият. – Ф.: Кыргызстан, 1968.-114 б.

Кыргыз совет адабияты: Орто мектептин 10-классы үчүн окуу китеби. – Ф.: Мектеп, 1972. – 384 б. (Б. Керимжанова, К. Иманалиев менен бирге).

Кыргыз совет адабияты: Орто мектептин 10-классы үчүн окуу китеби. Үчүнчү басылышы. – Ф.: Мектеп, 1973.-382 б.

Советтик кыргыз адабиятында социалисттик реализм методунун түзүлүшү. – Ф.: Мектеп, 1973, – 114 б.

Реализм дүйнөсүндө. – Ф.: Кыргызстан, 1976. – 230 б.

Токтогул. – Ф.: Мектеп, 1975. – 96 б.

Реализм дүйнөсүндө: Адабий-сын макалалар. – Ф.: Кыргызстан 1976. – 280 б.

Ленин жана Октябрь кыргыздын элдик поэзиясында. – Ф.: Кыргызстан, 1977. – 83 б.

Турмуш тузагы: Повесттер жана новелла. – Ф.: Кыргызстан, 1979. – 248 б.

Тааныш, бейтааныш: Макалалар. – Ф.: Мектеп, 1981. – 136 б.

Турмуш ашуусу: Повесттер. – Ф.: Кыргызстан, 1983. – 224 б.

Кыргыз адабиятынын өнүгүү жолу. – Ф.: Кыргызстан, 1985. – 161 б.

Ак дил: Адабий-сын макалалар. – Ф.: Кыргызстан, 1986.

Орус тилинде

Аалы Токомбаев. (Критико – библиографический очерк). – Ф.: Киргизгосиздат, 1958. – 106 б.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)