Үмөталиев Айтмамат

Айтмамат Үмөталиев (Алай районунун Корул айылында 1931-жылы 25-майда туулган – 1980) - акын, драматург.

1949-жылы Гүлчөдөн орто мектепти,

1951-жылы мугалимдердин Оштогу 2 жылдык институтун аяктап,

Алай районунун Будалык айылында К. Маркс мектебинин директору,

«Ленин жолу» гезитинде кабарчы болуп 1953-жылга чейин,

1954-жылы «Кыргызстан пионери» гезитинде жооптуу катчы болуп иштеген.

1956-жылы Москвадагы М. Горький атындагы адабий институтка кирип, бүтөөр жылы 6 жылга камалып, бирок 3 жыл мурда бошотулган.

1962-жылы Кара-Суу районунун «Эмгек майданы» гезитинде,

1964-жылдан баштап Алай райондук гезитинде адабий кызматкер, мектептерде мугалим болуп эмгектенген.

1955-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөлүгүнө өткөн. Камалгандан кийин мүчөлөктөн чыгарылып, 1998-жылы кайрадан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөлүгү калыбына келтирилген.

Драмалары бир топ республикалык конкурстардын жеңүүчүсү болгон. Чыгармалары гезит-журналдарга, альманахтарга басылган.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Арча: Ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1967. – 118 б.

Эркиндик булбулу: Поэма жана ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1959. – 156 б.

Ырлар. – 1998. – 120 б.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)