Үйрөнгөн адат

Бир бай неме жайлоого боз үй тиктирип, бээ байлатып, тажаганча ойноп-күлүп жыргап келели деп, жолдош-жоролорун чакырып барат. Ара чолодо эрмектегилери келип, Апендини да ээрчитип алышат. Күндө оюн-тамаша. Эртеден кечке казан асылып, дасторкон жыйылбайт. Бирок эртең менен төшөктөн туруп, тамак ичээрге келгенде эле алиги немелер Апендини акшыя карап, кабактарын карыш салып калчу болот. Апенди ошонун баарын байкап жүрөт да: - Силер эмне эле мени жаман көзүңөр менең карайсыңар? - дейт бир күнү. - Коңуругуң иттей катуу экен, эч кимди уктатпайсың - деп, кымыз куюп отурган жигит иштин жайын түшүндүрөт.

Апенди таарынып, кетүүгө камынат. - Апенди, сен каякка? - демиш болуп, отургандар калп эле сурап калса, Апенди айтат дейт: - Аялыма кетем, - деп. - Кургурум кырк жыл жанымда жатып жүрүп, коңуругуң «иттей» деген сөздү бир айткан эмес эле. Баарың биригип, ошол менин жаман кемпиримче жоксуңар. Көнгөн өз аялга не жетсин, кетем!

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)