Үйлөнүү үлпөтү

Кайсы элде болбосун ата-эне балдарынын келечеги, жакшы жашоосу жөнүндө ойлонот, кам көрөт. Кыргыздар балдарын үйлөндүрүүнү ата-эненин милдети катары эсептейт. Алар өздөрүнө тең адамдар менен куда болууга аракеттенген. Ылайыктуу кызды тандап алган соң сөйкө салышкан. Кудалашкан тараптар бири-бирин урматтап сыйлашат, болочок жубайлар үчүн кам көрүшөт. Мезгил өтүп той болчу күн белгиленет. Кыздын төркүнү кызды узатууга даярданышат. Кыз төркүнүнүн узар күнү берилүүчү өлпөт той «Кыз тою» деп аталат. Кыздын жакшы көргөн жеңелери анын чачын экиге бөлүп өрүп, азем жасалгаларын тагышат, кооз шөкүлөнү кийгизет.

Бул кечеде эки тараптын жаштары көңүл ачышат, түрдүү үлпөт ырлары ырдалат. Ар кандай оюндар (ак чөлмөк, кур таштамай) ойнолот. Жаштар «Жар-жар» айтышат. Кызды жеңелери, жакын курбулары коштоп жүрүшүт. Колуктунун жүзүн үлпүнчөк менен жаап коюшат. Салт боюнча колуктунун бетин ачып көрсөткөндө, анын жеңелерине күйөө тараптагылар көрүндүк берүүгө тийиш. Кыздын эне-атасы, жакындары ак батасын берип узатышат. Кайын журтун сыйлап, урматтап жүрүүгө үндөшөт. Кыздын энеси, чоң энеси, жеңелери кыз менен коштошуп, кошок айтышат.

Мисалы:

Жар башынан от көрсөң,

Жалындатпай өчүргүн.

Жаман-жакшы сөз уксаң,

Күлкү менен кечиргин.

Кыз өз үйүнөн узагандан кийин той күйөө тарапта улантылат. Жаңы келген келинди чачыла (боорсок, момпосуй, тыйын) чачып тосуп алышат. Ал эки жаштын өмүрүнө молчулук тилөөнү билдирген. Кыздын башындагы шөкүлүнү алып, кайненеси ак жоолук салат, келинди ак көшөгөгө киргизишет. Жоолуктун түсү ак никенин символу. Ошондуктан келинге «Ак жоолугун башыңдан түшпөсүн», «Көшөгөңөр көгөрсүн!» деп бата берүү салтка айланган. Той өткөнчө келин көшөгөдө отурат, жанында кайын сиңдилери отурушат. Келин көргөнү келген аялдар анын башына жоолук салышат, же көрүндүгүнө акча беришет.

Келин күйөөсүнөн улууларды жүгүнүп тосуп алат; жүгүнүү, биринчиден, учурашууну, саламдашууну билдирсе, экинчиден, улууларды урматтоонун, сыйлоонун белгиси болуп саналат. Мусулман дини боюнча жаңы үйлөнгөндөргө нике кыйылат. Молдо чыныга таза сууну куйдуруп алып, ага дуба түшүрөт. Күбөлөр аркылуу молдо жубайлардын бири-бирине баш кошууга макулдугун сурайт. Никелешүү макулдук берилгенден кийин гана молдо аларга нике кыят. Жаны үйлөнгөндөргө никелешкен күнү өкүл ата, өкүл эне шайланат. Аны келиндин кайната, кайненеси көңүлү жакындарынан тандап алат. Өкүл ата, өкүл эне жаңы үй-бүлөгө кеп-кеңештерин айтып, үй-бүлөлүк турмушту туура алып кетүүгө ар дайым көмөкчү болушат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)