Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Үй жыгачтарынын жердиги

Үй жыгачтарынын жердиги. Элдик мүлк боз үйдүн сөөгү, буюмдун негизги бөлүгү. Буга карата үйдүн көлөмү аныкталат. Үй жыгачынын жердигинин бири тал болот. Мунун бир нече түрлөрү бар. Жыгаччылар алардын ич ара касиеттерин таасын билишет. Айталы, ак тал өтө бышык келет. Көл башында жана тескей тарапта анын жапайы түрү жыш өсөт.

Бул өтө ичке анан түз көрүнөт. Чеберлер там аркаларына анын көчөтүн тигип, атайын үй жыгачы үчүн өзүнчө өстүрөт. Турпан тал болсо айдама талдын түркүмүнө кирет да, анын көчөттөрү бир кездерде башка тараптан алынып келинген. Эчки тал жергиликтүү тал тоолуу, таштак жерлерде өзүнчө чыгат да, ал да бутактанып, эң эле бышык өсөт. Мындан сырткары көбүнчө арык бойлой, өзөн жээктеринде жапыс жана мыкты өскөн жер талы кездешет. Бул да бутактарын чыканактатып, укмуштай жыш чыгат. Андан да кара тал өзүнүн бышыктыгы, бийиктиги жана октой түз чыккандыгы аркылуу айырмаланат. Чеберлер мунун да көчөттөрүн колго тигип алышат. Аң ичине, арык жээгине чыккан сары тал жергебизде сейрек кездешет.

Бул анча деле узун эмес, муну кереге матоого жана түндүктүн чамгарагына кыйса болот. Чеберлер теректи да бир топ түрлөргө бөлүп узанышат. Анын ийкемдүүлүктөрүнүн бири бака терек. Туурасы кучак толгон мындан төрт кырлап тилип, үй жыгачка ойдогудай узанса болот. Көчөт терек дагы жергебизде көп. Ак терек көчөт терекке кирет. Бутактана чыкканы менен ал көк теректен морт. Биз жогоруда санап кеткен тал теректин түрлөрүн узануу ыңгайына карай уук, кереге, түндүк, босого-таяк үчүн оңду-солду пайдалана берүүбүз тийиш. Боз үйдүн жыгачына жергиликтүү карагайды да иштетүүгө болот. Мында жыш, ичке өскөн балатылар кургаганда мүйүздөй келип, уук-керегеге кадимкидей жарайт.

Бутаксыз, түбү сыйда келген кызыл карагай бышык. Андан маталган үй жыгач жылмакай көрүнөт. Аны кыйып келээри менен кабыгын бат аарчып, көлөкөгө жөлөп коет. Адатта, жыгаччылар тал-теректерди күз айларында кыйышат. Бул чакта өсүмдүк маңызын төмөн тамырга карай тартып турган учуру болот да, үй жыгачын четинен кармай берет. Бирок, ал жарылмалуу болбошу керек. Карагайдай бутаксыз шоолдоп өскөн Алай арчасы матоонун ар кандайына туруштук берет, бышык да болот. Илгери боз үйдүн жыгачын кайыңдан да матаган чеберлер чыккан.

Анткени менен кайың көчүп-конууда чынында оордук кылат. Ар кандай жерде, ар кандай шартта өскөн жыгачтар бар. Мисалы, тамарканын четине кырка тиккен жыгачтар, сейрек чыккан жыгачтар болот. Шамалдын күчү менен бир жагына ийрейип калган жыгачтар, бутактуу жыгачтар бар. Бул, албетте, узануу учурунда мунун жумушу көбөйүп, иш-аракети татаалдашат. Атайын үй жыгачы үчүн тиккен жыгачтардын аралыгын жыш, чарчысы бир карыштай (15 чарчы см) кылып, түз кылып тигет. Алар бири-бирине бой тирешип, «атаандашып» шоолдоп өсөт. Анын бутагы да аз көрүнөт.

Мына ушул үй жыгачынын ойдогудай жердиги боло алат. Ал тиккен жыгач «калемче» деп аталат. Анын узундугу 15—20 см болот. Бул өзүнчө бутак, тамыр байлап өсүп чыгат. Узун-кыска, жоон-ичке болбой иштетүүгө оңой. Калемче жыгачтар үч-беш жылдын аралыгында матоого жарап калат.

Үч жылдыгы алтымыш баш үйгө, беш жылдыгы сексен баш үйгө, жүз баш үйгө керектелет. Мына ушунун негизинде үй көлөмүнө жараша жыгачы аныкталат. Жыгачты түбүнөн такай кыюу керек. Анткени, ал матоого чыдамдуу болуп, кийин матоосу жанбайт. Жыгач катуу келет, чымыр көрүнөт. Себеби түбүнөн өнүп чыгат. Алсак, чалгынын туткасын ийиш үчүн да ушул калемче болуп тигилген жыгач керектелет. Үй жыгачын чеберлер көбүнчө октябрь, март айларынын аралыгында кыят.

Бул учурунда тулкусунда маңызы аз болот да, жыгач борсубай, талаптагыдай кургоого ыңгайлуу келет. Кабыгы дароо аарчылат. Байкаган адамга жыгачта эки кабык көрүнөт. Мунун сырткы кабыгы көк, калың резина өңдүү болот. Ички кабыгы боз темгил өңдөнүп, жыгачтын өзүндө калат.

Ал жыгачты жарылуудан сактайт. Көлөкөдө как кургагандан кийин аны иштетүүгө болот. Жыгач нымдуу чакта кармалса, матоосу кийин жанып кетет. Талас тарапта боз үйдүн жыгачы самби талдан тандалат. Аны өзүлөрү тигип алышат. Тигилүүчү талдын узундугу 30—40 см келип, анын өсүшүнө такай көз салбасаң чырмоок басат. Усталар айткандай, отоо чөп (зыянкеч чөп) «муунтуп», «жеп» таштайт. Тигилген чырпык төрт жылда үй жыгачына жарайт.

Анын ордуна кайрадан талдар өсөт. Улам кыйган сайын бутактары көбөйүп, ал кайра үй жыгачына керектелет. Кыркылган тал көлөкөдө кургатылат. Тезге коердун алдында самби жыгачтын кабыгы аарчылат. Түрпүгө салынган уук-кереге сулуу көрүнөт да, жошону жакшы кабыл алат. Адатта, самби тал жерге жыш тигилет. Анын ар бирин чүпүрөк менен короолоп койгондо алты айга жетпей тал тегиз да, камчы саптай түз да өсөт. Муну үч метр болгондо кыят. Жердин шартына карата өсүмдүктөр бат, же кеч өсүшү ыктымал.

Шамалдуу жайда дайыма термелип турган жыгачтар ыкталат. Шоолдоп, шамал терметип тургандыктан ал копшолот. Демек, токойдун калың жеринин жыгачы түз жана ичкерээк келет. Мыкты жыгаччылар жердиктин мына ушундай ички бөтөнчөлүктөрүнө назар ташташат. Негизги жердик кара талды чеберлеп, суусунда чаап, бүтөөрдө туздуу сууга кайнатып алышат.

Жыгач өтө суусунда да, кургагында да жарылат. Туз аны чыйралтат да, тарамыштай катуу кылып таштайт. Үч-төрт ай турганча тал-теректин кабыгы аарчылбайт, маңызы өзүнчө сиңип кетет. Биринчиден, жыгач жарылбайт, экинчиден, ал салмагын сактайт. Ага аталгы баштаган үч-төрт керкинин мизи тиет. Аны тегерек чөмүч, кашыктай кылып, курч металлдан усталар өзүлөрү жасап алышат. Азыр чеберлер электр араасын, түрдүү кол арааларын, өгөөлөрүн, түрпүлөрүн пайдаланышууда. Ат-Башы, Нарын тараптын үй жыгачтары бышык келет да, жасаган буюмуңду алган адам нап табат.

Бирок, мында каратал иштетүүгө жеңил, урунууга морт келет. Себеп дегенде анын өзөгү жоон болуп, сынма. Кызыл тал ырас өсөт. Жумгал талы тамаркага тигишет. Жергиликтүү токой теректери бааланат. Мырза терек ал жактын климатына жараша көп чоңое албайт. Ат-Башы, Нарында үй жыгачына узанууда дагы бир ыкма бакты кесип келет. Бул аракет өсүмдүктүн жалбырагы түшкөндөн кийин, же өсүмдүк бүрдөгөнгө чейин башталат. Жыгаччы кесип коюп, ошол боюнча жайына таштабай арыдан-бери аарчып, ийрилерин түзөп, он-он бештен аяк-башынан таңып, дубалга жөлөп коет.

Анын кайсынысы уукка, кайсынысы керегеге таандык экени билинет. Анда кабыктуу тал нымдуу жайда борсуйт. Анын кургак бети жарылма болуп калат. Кара тал бекем болуп, жылма чабылат. Муну таасын кургатуу үчүн табын билүү зарыл. Талды убагында чаап, шамал жана күндүн шооласын көрсөтпөй, көлөкөдө сактайт. Бирок, анын бутактуу жерлери өзөккө дейре кетет.

Аны үрпү, ийги аркылуу кетиш керек. Минтпесе, ал кийин чордонуп, буюмдун абалын бузуп, жарака чыгарат. Кыскасы, жыгачтардын бутактуу жерлерин абайлоо тийиш. Мында он беш жылдык талдар иштетилүүдө ийкемдүү келет. Ансыз кара талдардын бутагы оюлма, кийин мең болуп калат. Кара талга караганда кайыңды иштетүү оңойдой сезилет. Кайың суу чагында шамалга бат жарылат. Муну чаап болуп, жымсалдоо мезгилинде эле туздуу сууга кайната коюу керек. Кайыңда бутак аз болот.

Ак түскө айланып, кармалган буюмдар көрктүү көрүнөт. Мындан ашкана идиштери чабылат. Муну кургаткандан кийин да салмагы берки жыгачтардан оор болуп турат. Көк терек да анча чирибейт. Буюм суйкайып сыйда түшөт. Кыйып келгенде муну иштетүүбүз «чөп чапкандай» өтө жеңил. Убагында кургатылат, убагында чабылат. Кургаган чакта жиксиз кынапталып, бириктирүүгө да, кураштырууга да, желимди кармоого да жакшы келет.

Кол башындай буюм-тайымдар үчүн липа талаптагыдай жердик боло алат. Сууга да, күнгө да, ысык суукка да чыдамдуу бул жарылып кетпейт. Бутаксыз өскөн аны жонуу жумшак, иштетүү жеңил. Кара жыгач жашында оңой иштетилгени менен кургаган чакта ага керки, чот өтпөй калат. Жыгачтардын устакерчиликке баш ийбеген учурлары да баамдалат. Демек, буюмдун формасын өзүндөй берүүгө жыгач анча моюн сунбай калат. Ал эми жыгачты курандылап, буюм жасоо жердиктин табиятына анча жатпайт. Ал табигый окшоштукка ээ боло албайт. Шамалдуу жайда дайыма термелип турган жыгачтар мыкты болот.

Дайыма термелген жыгач ыкталат. Шоолдоп түз өсүп, шамал терметип тургандыктан ал копшолот. Карагайдын калың өскөн жери ичкерээк, түз келет. Жердин шартына карата өсүмдүк бат же кеч өсүшү да ыктымал. Боз үй көтөрүүдө бир нече усталардын түрдөнтүп кармаган айлакер чеберчиликтери баамдалат.

Үй жыгачы — боз үйдүн сөөгү, үйдүн кептүү тигилиши, кээ бир чеберлер, адатта, жапайы талды кыйып, аны дароо аарчый коюп, ошол бойдон кургатып, анан кыкты «кордоо» аркылуу матоого алат. Талды мурун кыйса, анын ичи көңдөйлөнүп калат. Анда тал көөп турган мезгили болот да, тезге койгондо бортулдак келет. Боз үйдүн сөөгү үчүн суу жээгиндеги сайга чыккан талдар бышык көрүнөт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)