Үй-интернат (майыптар үйү)

Үй-интернат (майыптар үйү) — социалдык камсыздандыруунун жардамга жана такай багууга муктаж болгон майыптар, майып балдар жана улгайгандар жашоочу мекемеси.

Үй-интернаттын бир нече түрү: майыптар жана улгайгандар үчүн, психоневрологиялык (психика-нерв оорусу менен ооругандар үчүн), кем акыл, майып балдар үчүн, сокур, дүлөй жана дудук балдар үчүн иштейт. Улгайган жана майып болгон кишилер мамлекет эсебинен жашайт, андан башка белгиленген пенсиянын 10%ин, Улуу Ата Мекендик согуштун инвалиддери жана персоналдык пенсионерлер 25%ин алышат. Көз айнек, угуу аппараты жана башкалар акысыз берилет, жасалма тиш салуу да акысыз жүргүзүлөт. Үй-интернатка кабыл алууну социалдык камсыздандыруу органы чечет.

Арыз жашаган жери боюнча райондук социалдык камсыздандыруу бөлүмүнө берилет. Ага терапевт, офтальмолог, дермато-венерологдун медициналык корутундусу, психика-неврологиялык жана кургак учукка каршы диспансерлердин справкасы, ичеги ооруларына анализ тапшырган справка тиркелет. Үй-интернатка карылар, майыптар — өзүнүн, балдар ата-энесинин макулдугу боюнча гана кабыл алынат. Мында медициналык жардамдын бардык түрү көрсөтүлөт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)