Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Үй-бүлө социологиясы

Тема: Үй-бүлө жана нике социологиясы Суроолор: 1. Үй-бүлөнү окуп билүүнүн негизги социологиялык аспектери: үй-бүлөнүн аныктамасы, үй-бүлөнүн функциясы жана үй-бүлөлүк түзүмдүн типологиясы 2. Үй-бүлө социологиясынын эволюциясы 3. Үй-бүлөнүн тарыхый өзгөрүүлөрү 4. Үй-бүлөдөгү инсандар ортосундагы мамилелердин социологиялык көйгөйлөрү

Үй-бүлө социологиясы – эски социалдык дисциплиналардын бири. Нике жана үй-бүлө көйгөйү дайыма маассалык жана туруктуу кызыгууну жаратып турат. Үй-бүлө институту ар дайым социологиянын көңүл борборунда турат. Үй-бүлө ар дайым эки жактуу мүнөзгө ээ: бир жагынан – социалдык институт, экинчи жагынан – өзүнүн мыйзамдары боюнча өнүккөн жана функционалдашкан кичи топ. Ал саясий катардагы экономикалык, социалдык, диний жана башка катыштардагы коомго көз каранды. Ошентип, үй-бүлөнүн коом менен жана башка социалдык институттар менен катышуу көйгөйү, ошондой эле үй-бүлөнүн жана инсандын өз ара катышы адам цивилизациясында дайыма болуп келген, жана ошондуктан ар дайым үй-бүлөнүн социалдык абалына маани берүү аракеттери болуп турган. Социологияда социалдык дүйнөнү жеке жана коомдук өз ара катыш аркылуу окуп билүүгө болгон анын өзгөчө мамилеси менен бул маани берүү үй-бүлөлүк ортомчулуктун призмасы аркылуу ишке ашат: социалдык системанын инсандын аракеттерине болгон сезгичтиги, жана тескерисинче, коомдун кызыкчылыгына болгон жекеликтер алардын үй-бүлөнүн керектөөлөрүн бир бүтүн катары эки жакты бирдей эсепке алышынан коз каранды турат. Үй-бүлөнүн ортомчулук ролун изилдөө үй-бүлөнү изилдөөгө болгон социалдык мамиленин өзгөчөлүгүн да пайда кылат. Үй-бүлөнү окуп билүүнүн негизги социологиялык аспекттери Үй-бүлө татаал социалдык түзүлүштү билдирет, ошондуктан көп кырдуу: бир жагынан, социалдык институт түшүнүгү үй-бүлөнүн маанисин башка социалдык институттар жана өзгөрүүнүн, өнүгүүнүн, моделдештирүүнүн социалдык процесстери менен биргеликте ачып берет, экинчи жагынан, үй-бүлөнү кичи социалдык топ катары түшүнүү калыптануунун, функционалдоонун жана автономдук бүтүндүк катары үй-бүлөнүн бузулушунун мыйзам ченемдерине багытталган. Институт катары жана топ катары үй-бүлөнүн өзгөчөлүктөрүн чектөө ортомчу ролдорду ишке ашырууну анализдөөнүн макро – жана микро деңгээлинде кароого мүмкүндүк берет. Бирок бул предметти эки эселентүү дегендик эмес – бул ишмердүүлүктүн биримдик талаасынын ар түрдүү аспекттери. Үй-бүлөнү социалдык-психологиялык топ катары изилдөө инсандардын өз ара катышы менен коом - биринчилик, инсан аралык катыштын деңгээлинде каралат. Ушул мамиленин алкагында жүргүзүлгөн үй-бүлөдөгү өз ара катыштардын эмпирикалык изилдөөлөрү ар кандай социалдык жана үй-бүлөлүк абалдардагы үй-бүлө мүчөлөрүнүн өз ара катышына, үй-бүлөлүк жашоону жана топ катары үй-бүлөнүн туруктуулук факторлорун уюштурууга багытталат. Бул салттын бир кыйла өнүгүшүнө Э. Берджесстин үй-бүлөнү "өз ара катыштагы инсандардын биримдиги" катары караган көз карашы да тастыктайт. Үй-бүлөнү социалдык институт катары изилдөө өзүнүн өнүгүүсүндө эволюцияга, үй-бүлөнүн келип чыгуусунун функция областындагы кызыкчылыкка болгон басымынан көрсөттү. Өз кезегинде, үй-бүлөлүк функцияларды таасирдүү аткаруу факторун изилдөөчү институтционалдык-функционалдык мамиле сөзсүз түрдө кантип үй-бүлөлүк жүрүм-турум натыйжаларынын көп түрдүүлүгүнөн үй-бүлөнүн өзгөрүү "макротенденциясы" келип чыгаарын көрүү мүмкүнчүлүгүн берген, үй-бүлөлүк жашоо ишмердүлүктүн микроанализи менен кездешет. Социологияда ар дайым үй бүлөнүн макро – жана микросоциологиясынын ортосундагы "көпүрөчөнү" кайра которуу, үй-бүлөгө болгон мамилелерди институтка болгон мамиле сыяктуу эле топко карай мамиле катары сыйлыгыштыруулар болуп турат. Бул социологиялык мамиленин психологиялык мамиледе сиңип кетүүсү дегендик эмес: сөз, коомдук деңгээлде индивидуалдык жана үй-бүлөлүк жүрум-турумдун социалдык маанилүү натыйжаларын байкоого, а экинчи жагынан үй-бүлө жана инсандык деңгээлде баалуулук багыт алуунун, аныктоолордун, мотивдердин жана аракеттердин социалдык детерминизациялануусун аныктоого мүмкүндүк берген илимий моделдерди түзүү жөнүндө болуп жатат жана, институционалдык жана микротоптук мамиленин интеграция варианттарынын бири болуп үй-бүлөнү система катары анализдөө багытында иш алып баруу болуп саналат. Үй-бүлөнүн "макроанализи" менен "микроанализин" сыйыштырууга аракеттенген социологдордун ичинен эң алгач Т. Парсонсту жана К. Дэвисти атоого болот. Үй-бүлөнүн туруктуулугу бир эле мезгилде тышкы социомаданияттык таасирлерден жана ички өз ара катыштардан көз каранды. Социалдык феномен катары үй-бүлөнүн маңызы ушул сыяктуу жана көйгөй колдонулган концептуалдык схемаларды жана терминдердин адекваттуулугунда жатат. Эки мамиленин ар биринин бир жактуулугунан жана алардын эклектикалык биригүүлөрүнөн сак болуу керек. Парсонстун айтуусу боюнча үй-бүлө коомго каршы турбайт, ал анын башка социалдык подсистемалар жана түзүмдөр менен "инструменталдык" мамилелерди аныктоонун негизинде бүтүндөй социумду, о. э инсандар аралык динамиканын тең салмактуулугун, интегративдүү тенденцияларды сактоонун негизинде үй-бүлөдөгү "экспрессивдүү" мамилелерди камсыз кылган подсистемасы. К. Девистин ою боюнча, үй-бүлөнүн салттуу формасынан азыркы учурдагы формасына өтүүсү барыдан мурда төрөлүүнүн жогорулоо социомаданиятынын нормаларын трансформациялоого жана төрөлүүнүн азаюу социалдык нормаларынын жайылышына байланыштуу. Башкача айтканда, нике жана үй-бүлөнүн баалуулук системасынын жана социалдык нормаларынын өзгөрүүсүнө байланыштуу. Кеңитилген үй-бүлөнү кармап турган баалуулук системасынын бузулушу бул нуклеардык үй-бүлөдөгү ар кандай тышкы коомдук таасирлерсиз эле калкты кайра жандандыруу жана жаңы муундарды социалдаштыруунун коомдук-маанилүү функцияларын камсыз кылууга жөндөмдүү болгон "өз ара кыйбастыктын" автоматтык түрдө пайда болуусу дегендик эмес. Үй-бүлөнүн аныктамасы Үй-бүлөнүн жөнөкөй жана кеңейтүүчү белгилеринен баштап (мисалы, үй-бүлө – бул бири-бирин жакшы көргөн адамдардын тобу же чогуу жашаган бир уруунун өкүлдөрү) кеңири тизимегине чейинки, үй-бүлөлүк жашоо-ишмердүүлүктүн түрдүү жактарынын үй-бүлө түзүү мамилелери катары бөлүп караган үй-бүлөнүн көптөгөн дефинициялары бар. Калкты кайра жандандыруу жана социалдык-психологиялык бүтүндүк критерийларын эске алган үй-бүлө дефиницияларынын ичинен россиялык социолог А. Г. Харчевдин үй-бүлөнү жубайлар ортосундагы, ата-энелер менен балдар ортосундагы өз ара катнаштын тарыхый-конкреттүү системасы катары, мүчөлөрү никелик же туугандык мамилелери боюнча байланышкан кичи топ катары, турмуш жалпылыгы жана өз ара моралдык жоопкерчилик, о. э. социалдык зарылдык, о. э. калкты физикалык жактан жана ишеним жактан кайра жандандыруудагы коомдун керектөөлөрүнө шартталган социалдык зарылдык катары аныктаган аныктамасы өзгөчөлөнөт. Үй-бүлөнү "ата-энелер – балдар" түзөт, а нике болсо аял менен эркек ортосундагы мамилелердин, балдардын төрөлүүсү менен коштолгон чогуу жашоонун жана сексуалдык шериктиктин легитимдүүлүгү болуп саналат. Үй-бүлөнүн маңызын толугу менен түшүнүү үчүн - турак-жай, үй, жеке менчик сыяктуу үй-бүлө мейкиндигине - жана үй-бүлөнүн экономикалык негизине - турмуштун жана керектөөнүн кууш жолунан сырткары турган ата-энелер менен балдардын жалпы үй-бүлөлүк ишмердүүлүгүнө ээ болуу керек. Ошентип, үй-бүлө – бул бирдиктүү жалпы үй-бүлөлүк ишмердүүлүгүнө негизделген, жубайлар жана туугандык түйүнгө байланышкан, жана ошону менен калкты кайра жандандырууну жана үй-бүлөлүк тукумду улантууну, о. э. балдардын жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн жашоосун социалдаштырууну ишке ашырган адамдардын тобу. Ушул, жубайлык – ата-энелик – туугандык деп аталган үч бирдиктүү мамиле бар учурда гана үй-бүлөнү олуттуу формада белгилөөгө болот. Аталган бир же эки мамиленин факты мурда үй-бүлө болгон (балдардын чоңоюшу жана бөлүнүп кетиши менен, оорунун, анын мүчөлөрүнүн каза болушунун, ажырашуунун ж. б. үй-бүлөлүк тартиптин бузулуу себебинен бузулган үй-бүлө), же али үй-бүлө кура элек (мисалы, жубайлар менен гана мүнөздөлгөн, ата-эне жана балдар менен ата-энелер ортосунда, байкелер жана эжелерге тууган боло элек жаңы үйлөнгөндөр) үй-бүлөлүк топтордун фрагменттүүлүгүн мүнөздөйт. Өлкөдөгү көпчүлүк үй-бүлөлөрдө жогоруда аталып кеткен үч мамиленин (үй-бүлөнүн олуттуу маанисинде) бар экендиги билинет. Үй-бүлөлөрдүн жалпы санына "убактылуу" жаңы үйлөнгөндөрдү жана баласыз жубайларды эсепке албоо керек. Башка жагынан алганда, үй-бүлөсүз калктын санын ата-эне болуп туруп бирок жубайсыз, же болбосо факт боюнча же легитимдүү никеде туруп балдары жок үй-бүлөлөр түзөт. Бул фрагментардуу үй-бүлө формаларына "үй-бүлөлүк топ" деген термин туура келет, анткени, бул адамдар туугандык же ата-энелик же жубайлык негизде бириккендер жана биргелешип үй-чарбачылыгын жүргүзүшүүдө. Демейде үй-бүлө "очогу" жубайлар деп эсептелинет, жана үй-бүлө курамынын бардык статистикалык классификациялары "очокко" балдардын, туугандардын, жубайлардын ата-энелеринин кошулуусунун негизинде түзүлөт. Социологиялык көз караш боюнча негиз катары калкта бир кыйла кеңири жайылган, аталган мамилелердин үч бирдиктүү үй-бүлө тибин – үй-бүлөнүн негизги тиби - катары алуу дурусураак, - ал эми калган үй-бүлөлүк биримдиктерди үй-бүлөлүк топтор деп атап койсо болот. Айтылгандар акыркы жылдардагы коомдук пикирлер менен бирге үй-бүлө социологиясындагы белгилүү болуп калган үй-бүлөнүн маңызын үч мамиленин бирине, көбүнчө - жубайлыкка, керек десе шериктикке теңөөгө байланыштуу. Үй-бүлөнүн функциялары Үй-бүлөнүн функциясы жөнүндө кеп кылуу менен, сөз миллиондогон үй-бүлөлөрдүн жашоо-турмушундагы коомдук деңгээлде каралган, жалпы-маанилүү натыйжаларга ээ жана үй-бүлөнүн ролун коомдун башка институттарынын ичинен социалдык институт катары мүнөздөгөн коомдук натыйжалар жөнүндө болуп жатканын эске алуу керек. Белгилей кете турчу нерсе, бул, аларды аткаруу үчүн адистештирилген институттарга бекитилген коомдун функциясынын маңызы. Ошондуктан, ар бир институттун ошол институттун уникалдуулугун, профилдүүлүгүн аныктай турчу функциялары, жана негизгилеринин аракеттерин коштоп туруучу функциялары бар. Үй-бүлө функцияларын биринчи жана экинчи деп бөлүүштүрүүгө болбойт, үй-бүлөлүк функциялардын бардыгы биринчи турат. Бирок, алардын ичинен үй-бүлө институтун башка институттардан айырмалап турган өзгөчөлөрүн аныктоо үй-бүлө функцияларын өзгөчө жана өзгөчө эмес деп бөлүштүрүүгө алып келди. Үй-бүлөнүн өзгөчө функциялары үй-бүлө маңызынан келип чыгат жана аны социалдык көрүнүштүн өзгөчөлүгү катары чагылдырат. Ал эми өзгөчө эмес функциялары – булар, аларды аткарууга үй-бүлө аргасыз болгон же белгилүү бир тарыхый шарттарда ыңгайлашкан. Ошентип, төрөлүүну (репродуктивдүү функция), балдарды социалдаштыруунун мазмунун камтыган үй-бүлөнүн өзгөчө функциялары коомдун бардык өзгөрүүлөрүндө кала берет, а тарых жолунда үй-бүлө менен коом ортосундагы байланыштын мүнөзү өзгөрүшү мүмкүн. Адам коому ар дайым калктын кайра жаралуусуна муктаж, ошондуктан үй-бүлөдө төрөлүүнү уюштуруунун жана балдарды социалдаштыруунун социалдык формасы катары социалдык зарылдык кала берет. Болгондо да бул коомдук маанилүү функцияларды индивиддин үй-бүлөлүк жашоого жеке мотивдешүүсүндө – эч кандай тышкы кысымсыз жана зордоосуз ишке ашкан өзгөчө формада калат. Үй-бүлөдөгү жана балдардагы жеке муктаждык, жеке каалоолор жана никеге жана үй-бүлөгө тартуу – бул үй-бүлөнүн жана коомдун болушу миллиондогон элдердин үй-бүлөлүк жашоого жана балдарга болгон муктаждыгынан, жана ошол себептен калктын кайра жаралуусу болуп жаткандыгын түшүндүргөн өтө маанилүү нерсе. Эгерде адамдардын жеке мотивдерине эмес зордоого негизделген калкты кайра жандандыруунун социалдык уюштурууларынын башка формаларын элестетсек, анда бул формалар тарыхтагы баарыга белгилүү болгон үй-бүлө тибине туура келген демейки социомаданияттык мааниде үй-бүлө менен эсептеше албайт. А башка жагынан караганда, теоретикалык жактан мүмкүн болгон бойго бүтүрүүнүн биотехнологиясынын пайда болушу, жана түйүлдүктү энелик эмес башка организмде, "пробиркада" "көтөрүү", калкты кайра жандандыруудагы социалдык муктаждыкты канааттандыруунун тарыхый түзүлгөн инсандык, керек болсо интимдик формасы катары үй-бүлөнү четке кагышы мүмкүн. Жогоруда айтылгандар, калкты кайра жаратуудагы социалдык муктаждык инсандын социалдык жүрүш-туруштун бардык формаларын тандоо эркиндиги менен карама-каршылыкта пайда болгон, коомдук жашоонун мындай өзгөрүшүнүн потенциалдык мүмкүнчүлүгүн мүнөздөйт. Мындай парадоксалдык келечек канчалык деңгээлде чындыкка жакын? Бул суроого үй-бүлө социологиясы жооп бериши керек. Чындыгында, инсандын социалдык жүрүм-турумунун жеке кызыкчылыктарына каршы коюлган түрлөрүнө (аларга "пробиркалык", депопуляциялык коркунучту алдын алуудагы казармалык мамлекет тарабынан толугу менен ишке ашышы мүмкүн болгон калкты кайра жандандырууну уюштуруунун конвейердик формасын кошууга болот) адамдарды зордоп аргасыздандыруу социалдык жактан алгылыктуу болгондугунун натыйжасында социумдун мындай (катастрофалык) өзгөрүп кетүүсү мүмкүн. Уй-бүлөнүн балага болгон муктаждыгы тарыхый жактан төмөндөп жаткандыгына байланыштуу мындай көрүнүштүн болуп кетүүсү аныкталат. Жубайлардын балдарга болгон жеке муктаждыгынын ортосундагы гармониясы катары үй-бүлөнүн жана социумдун жумушчуларга болгон жеке жоопкерчиликсиз муктаждыгынын келечеги социалдык системанын үй-бүлөнү анын өзгөчө функцияларын ишке ашыруудагы жубайлардын жеке кызыкчылыктары менен бирге сактап калуу жөндөмдүүлүгүнөн көз каранды. Жеке менчиктин, статустун жогорулашы жана аларды өткөрүп берүүгө, өндүрүштү жана керектөөнү, үй-чарбачылыгын, эс алууну уюштурууга байланышкан, үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден-соолугуна жана жыргалчылыгына кам көрүүгө, ар биринин "МЕН" сезимин сактоону жана анын кубаттуулугун жоюуга өбөлгө түзгөн микроклиматты жаратууга байланышкан ж. б. у. с. үй-бүлөнүн өзгөчөлөнбөгөн функциялары үй-бүлө менен коом ортосундагы байланыштын тарыхый мүнөзүн чагылдырып, үй-бүлөдөгү балдардын төрөлүүсү, аларды багуу жана тарбиялоо кандай жүрүп жаткандыгын тарыхый жактан өзгөрүүсүн ачып берет. Ошондуктан үй-бүлөлүк өзгөрүү түрдүү тарыхый этаптардагы өзгөчөлөнбөгөн функцияларды салыштырууда тагыраак билинет: жаңы шарттарда алар модификацияланат, тарыйт же кеңейет, толугу менен же кандайдыр бир бөлүктөрү ишке ашат же таптакыр жоголуп кетиши мүмкүн. ХХ - жүз жылдыктын башында социалдык институттар үй-бүлө менен билим берүү жана тарбиялоо (мектептер жана бала бакчалар) функцияларын, коргоо жана кайтарууну (милиция жана армия), тамак аш, кийим, эс алуу функцияларын (тейлөө чөйрөлөрү), жетиштүүлүк жана социалдык статусту өткөрүп берүү функцияларын аткарууну көбүрөөк аралаштырууда. Бул фактылардын баары Уильям Огборн тарабынан бул процесстин "прогрессивдүү" мүнөзүн аныктаган үй-бүлөлүк функциялардын "басып алуу" теориясында жалпыланган. Ушуга окшогон "прогрессивдүү" көз караш жалпы көз караш болуп калган жок. Питирим Сорокин үй-бүлөнүн социомаданияттык функцияларын азайтууда жана кемитүүдө үй бүлөнү "үй бул сексуалдык катышуу үчүн гана түндө жолугуучу орун болгон", аял менен эркектин балдарсыз бирге жашоосуна айландырган индустриалдык-урбанисттик цивилизациянын өзгөчө, тескери таасирин көрө алган. Үй-бүлөлүк түзүмдүн типологиясы Үй-бүлөлүк түзүмдүн типтери ар түрдүү жана жубай (куйоосу - аялы) болуунун, ата-эне жана тууган болуунун мүнөзүнө ылайык билинет. Моногамдык жуп (куйоосу - аялы) болуу – бул бир эркектин бир аял менен никеге турушу. Моногамия адамдардын тарыхында полигамияга – бир адамдын бир нече адам менен никеге туруусуна караганда 5 эсе аз кездешет. Полигамиянын эки түрү болот: полигиния - бир эркектин бир нече аял менен никеге турушу, полиандрия – бир аялдын бир нече эркек менен никеге турушу (моногамияга караганда 20 жолу аз, ал эми полигинияга караганда 100 жолу аз кездешет). Экзогамдык никелерге – жуптар сөзсүз түрдө башка-башка уруудан, фратриядан болгондо гана никеге турууга мүмкүн болго никелер кирет. Ал эми эндогамдык никеде – тескерисинче, жуптар бир гана уруунун, фратриянын ичинен болуусу зарыл. Ата-энелик жана туугандык критерийлери боюнча аныкталган үй-бүлө түзүмдөрү көп түрдүү жана атасы же энеси жагына байланыштуу кандайдыр бир өзгөчөлүктөр билинип турат. Ушуга байланыштуу этносоциология менен үй-бүлөлүк жана туугандык социологияда социалдык аталыкты - "pater" жана физиологиялык аталыкты -"genitor" жана албетте энеликти айырмалоо каралган. Бул жерден "патри-матри" принцибинин негизинде үй-бүлөлүк топторду локалдаштыруу ажыратууга алып келет. Бул жерде фамилияга, мураска, социалдык абалга ээ болуу атасы же энеси жагынан берилет. Бийлик критерийи боюнча үй-бүлөлөрдү, үй-бүлө мамлекетинин башчысы атасы болгон патриархалдык, жана үй-бүлө мамлекетинин башчысы энеси болгон матриархалдык үй-бүлө болуп бөлүнөт. Ал эми үй-бүлө мүчөсү так билинбеген үй-бүлөлөрдү эгалитардуу үй-бүлөлөр деп атап койсо болот. (Эгалитардык бул, жубайлардын өз ара роль алмашуусу аркылуу тийгизген бирдей таасирин түшүнсө болот). Партнердук үй-бүлө деп да бөлүнөт. Бул жерде үй-бүлөлүк чечимдерди биргелешип чечишет. Эгер күйөөсү көбүрөөк таасирдүү болсо, анда күйөөсү үстөмдүк кылган үй-бүлө, а эгер аялы таасирдүүрөк болсо, анда аялы үстөмдүк кылган үй-бүлө деп аталат. Андан тышкары, үй-бүлөдө жубайлардын бирөөсү гана чечим кабыл алган – автономдук үй-бүлө деп бөлүнөт. Жубайлардын (же алардын ата-энелеринин) социалдык абалына жараша коюлган критерийлер боюнча гомогендик үй-бүлө болот. Бул жерде жубайлар болжол менен бир социалдык стратадан болушат. Ошондой эле жубайлар ар кандай социалдык топтон, кастадан, класстан келип чыккан гетерогендик үй-бүлөлөр бар. О. э. үй-бүлөлөрдүн социалдык жана демографиялык айырмачылыктары боюнча кеңирирээк мүнөздөлгөн гомогамдык үй-бүлөлөр деп бөлүнөт. Бул жерде жубайлар улуту, жашы, адистиги боюнча бирдей келет жана ушул сыяктуу социалдык индикаторлору боюнча айырмаланган гетерогамдык үй-бүлөлөр болушат. Үй-бүлөнүн, мейкиндик-территориалдык локализация критерийлери боюнча, жаш жубайлар күйөсүнүн атасынын үйүндө жашаган патрилокалдык, жана жаш жубайлар аялынын ата-энесинин үйүндө жашаган матрилокалдык түрү болот. Социологияда жана демографияда балалуу үй-бүлөлөрдү үч типке бөлүү каралган: аз балалуу үй-бүлөлөр – социалдык-психологиялык көз караш боюнча балдары аз. Балдардын ортосунда алгачкы топтук мамилелердин пайда болуусу үчүн эки бала жетиштүү, экөө – бул бир гана жуп болуп саналат. Эки балалуу үй-бүлө бул эки жуптан – жубайлар жана балдардан - турган үй-бүлө, алардагы жуптук мамилерди топтук деп эсептөөгө болбойт, анткени алгачкы-топтук мамилелер топтун үч мүчөсүнөн баштап түзүлөт. Башка жагынан алганда, үй-бүлөдөгү балдардын аздыгы калкты кайра жандандыруу (демография) көз каршы боюнча болушу мүмкүн – мурунку муун кийинкилери менен аралашуусу үчүн болжол менен бир үй бүлөгө 2,5 бала же эки балалуу үй-бүлөнүн төрттөн бир бөлүгү болуусу керек, а үчтөн бири-үч балалуу, 20% - төрт балалуу жана 7% беш жана андан көп балалуу, же 14% баласыз жана бир балалуу болуусу керек. Үй-бүлө түзүмдөрүнүн өтө эле көп түрдүүлүгү үй-бүлөлүк жашоонун башталышынан бүтүшүнө чейинки өзгөрүүлөрүн эске алуу менен үй-бүлөлөрдү классификациялоо маселеси коюлганда гана пайда болот. Никенин жана үй-бүлөнүн узактык, тажрыйбалык ченемдерин киргизүү, жашоонун жүрүшүндөгү үй-бүлөнүн өзгөрүшү "үй-бүлөлүк жашоо цикли" же "үй-бүлөнүн турмуштук цикли" деген түшүнүктү пайда кылды. Мүмкүн, "цикл" сөзү бул жерге ылайыктуу эмес, анткени үй-бүлөлүк муундардын алмашуусунда гана социалдык-психологиялык бүтүндүк катары үй-бүлөнүн ошол эле түзүлүү жана бузулуу стадиясы кайталанат. Бирок үй-бүлө мүчөлөрүнүн өз ара мамилелеринин, үй-бүлөлүк атмосфералык абалдын тез өзгөрүшүнүн динамикасынан айырмаланып, үй-бүлөлүк турмуштун цикл термини үй-бүлөнүн функционалдашуу стадиясынын улануу схемасында болуп турган процесстердин кайталануусун мүнөздөө үчүн ылайыктуу. 2. Үй-бүлө социологиясынын эволюциясы Үй-бүлө социологиясынын өнүгүүсүн бир нече этаптарга бөлүшөт: 1. Биринчи этап – антикалык доордон XIX кылымдын ортосуна чейинки мезгил. Бул мезгил аралыгында үй-бүлө жөнүндө ой жүгүртүүнүн негизинде гана түшүнүктөр болгон. Негизги форма катары моногамдык үй-бүлөнү билишкен. Аны коомдун кичинекей элеси катары, а. коомдун өзүн кеңири чоңоюп жаткан үй-бүлө катары эсептешкен. Руссо, Кондорсе, Гегель жана Кант сыяктуу философтор жана тарыхчылар салыштырма-тарыхый анализ кылууга мүмкүн болбогон теоретикалык схемаларды түзүү менен, үй-бүлөлүк мамилелерден социалдык мамилелерди таап чыгышкан. 2. Экинчи этап - XIX кылымдын ортосунан XX кылымдын башталышына чейинки мезгил. Бул мезгилдерде үй-бүлөнү изилдөөсүнө антропологдор жана этнографтар түс беришкен. Алар, талаа изилдөөлөрдү жана коомго жөнөкөй байкоолорду, о. э. салыштырма-тарыхый анализ жүргүзүүдө топтогон кеңири антропологиялык материалдарга таянышкан. Ой жүгүртүү схемалары конкреттүү факттарга орун бере баштаган. Негизги орунду маанисин азыркы күнгө чейин сактап келген антропологиялык түшүнүктөр ээлеген үй-бүлө социологиясы деген түшүнүктүн аппараты пайда боло баштаган. Моногамдык нике топтук никеге орун берип, тууганчылыктын түрдүү системалары активдүү түрдө изилдене баштаган. Теоретикалык талкуулар патриархат жана матриархат катыштыры жөнүндөгү маселелерге кайрыла баштады. Ой жүгүртүүчү схема боюнча алгачкы жолу швейцариялык укук тарыхчысы Иоган Якоб Бахофен (1915-1887) киргизген. Анын "Энелик укук" (1861) аттуу классикалык эмгеги үй-бүлөнүн тарыхын жана матриархаттын көйгөйлөрүн изилдөөнү баштаган. Ал, моногамдык никеге жыныстар ортосундагы полигамдык мамилелер, а патриархатка – алгачкы коомдук уруулардын жашоосундагы аялдар башчылык кылгын мезгил үлгү болгон деп болжолдойт. Энелик укук жөнүндө И. Баховенден көз карандысыз, шотландиялык адвокат Дж. Мак-Леннан (1827-1881) да өз алдынча ачылыш жасаган. Үй-бүлөлүк уюштуруунун өнүгүүсүн карап чыгуу менен ал илимге эндогамия жана экзогамия деген түшүнүктөрдү киргизген. Мак-Леннандын схемасы боюнча, үй-бүлө өзүнүн өнүгүүсүндө үч тепкичти басып өткөн – энелик укук аркылуу промискуитеттен аталык укукка чейин. Мак-Леннан, алгачкы тотемикалык топтордун экзогамдык матрилиниялык топторго айланышын жаңы төрөлгөн кыздарды өлтүрүп салуу салтынын негизинде келип чыккан аялдардын жетишсиздигинен деп болжолдогон. Бул жерден эки натыйжа келип чыгышы мүмкүн: же башка топтордогу аялдарды басып алуу, экзогамия, же полиандрия. Өз кезегинде көп күйөөлүүлүк (полиандрия) эки вариантта өнүккөн: күйөөлөрү же бир уруудан болгон, же бир туугандар (Тибетте болгон) болушкан. Экзогамия полиандриянын тибеттик формасына барабар. Анда аял күйөөсүнүн туугандары (же күйөөлөрү менен бирге жашайт. А никенин наирдик вариантында туугандык эсеп энеси жагынан гана мүмкүн болгон, жана энелик укуктуулук ушул жерден башталат. Никенин топтук формасын Дж. Леббоку (1834-1913) көрсөткөн, ал "коомдук" жана"коммуналдык" никени никелик мамилелердин баштапкы формасы катары караган. Андан аялдарды уурдоо аркылуу экзогамия келип чыккан. Матриархат теориясы патриархат теориясын кармангандар тарабынан сынга алынган. Ошондон бери патриархат теориясы илимде үстөмдүк кылып калган. Э. Гидденстин пикири боюнча, антропологиялык изилдөөлөрдүн көбү, эркектердин үстөмдүк кылуу даражасы жана маңызы бардык жерде айырмаланып турса да, жетишерлик деңгээлде изилденген коом патриархалдык болгондугу жөнүндө тастыкташат. Л. Моргандын "Байыркы коом"(1887ж. ор. котор. "Первобытное общество", 1990) аттуу эмгеги маанилүү болгон. Ал үй-бүлө социологиясынын , өзгөчө анын марксистик вариантына маанилүү таасирин тийгизген. Ф. Энгельстин "Үй-бүлөнүн, жеке менчиктин келип чыгышы жана мамлекет" (1887) аттуу эмгеги бүт бойдон Л. Моргандын эмгегине негизделген. Үй-бүлөнү изилдөөдө социологиялык багыт негизинен Э. Дюркгеймдин ("Үй-бүлө социологиясына киришүү", 1888), М. Вебердин ("Укуктук өнүгүүдөгү жубай жана эне", 1907), Ф. Мюллер-Лиердин ("Үй-бүлө", 1911), У. Гудселлдин ("Никенин жана үй-бүлөнүн тарыхы", 1915), С. Циммермандын ("Үй-бүлө жана цивилизация", 1917) жана Ч. Кулинин ("Социалдык уюштуруу") эмгектери менен белгилүү. Аларда европалык жана өзгөчө америкалык социалдык илимдерден баш тартуу, үй-бүлөнү ой жүгүртүү схемасынан конкреттүү-тарыхый башкарууга өтүү биротоло бекитилген. Э. Дюркгейм үй-бүлөнүн кеңири туугандардын курчоосунан бар кыйла кичирээк болгон "жубайлардын үй-бүлөсү" деп аталган тобуна өтүүчү"контракция" (кичирейүү) мыйзамын аныктап чыккан. Ф. Ле Пле жана Э. Энгель сыяктуу бир катар окумуштуулар биринчи жолу үй-бүлөнү Дюркгейм ачкан деп эсептешет. Ф. Ле Пле биринчилерден болуп бюджетти анализдөө методу аркылуу үй-бүлөнү конкреттүү-социологиялык изилдөөнү баштаган. А Э. Энгель зарыл нерселерге керектелүүчү үй-бүлөлүк кирешелер ортосундагы көз карандылыкты аныктаган. Үй-бүлө социологиясы боюнча француз методологу, теоретик жана изилдөөчүсү Фредерик Ле Пле (1806-1882) маанилүү из калтырган. Ал түрдүү европалык мамлекеттердеги жана түрдүү социалдык топтордогу үй-бүлө жашоосунун өзгөчөлүктөрүн кеңири изилдеп чыккан. Ал 300 изилденип чыккан топтордун ар бирин монографиялык түрдө сүрөттөп чыккан. Натыйжада үй-бүлөлөрдүн типологиясы келип чыккан. Биринчи типте – патриархиялык үй-бүлөдө – индивид жалпылыкка баш ийет, үй-бүлө биримдиктеги жана бөлүнбөгөн бирдик катары иш аракет кылышат. Экинчи тип – уңгулук үй-бүлө (бүгүнкү күндө аны нуклеардык үй-бүлө деп аташат) – бардык мурас атасынын тандоосу боюнча бир гана балага өтөт. Калгандары кочуп кетишет жана жашоосу өтпөй калганда атасынын үйүнө кайтып келишет. Үчүнчү тип – туруктуу эмес үй-бүлө – азыркы коомдо индустриалдаштыруу жана урбандоо процессине тартылгандыгы менен мүнөздөлөт. Туруктуу эмес үй-бүлөдө урпактарга калтыруучу материалдык каражат жок болот, ата-энелер жана балдар айрым жашашат. Аларга сунушталган социалдык мамилелерди ченөө жана диагноз жургузуу үчүн индикаторду издөө техникасы азыркы үй-бүлөнүн социологиясында кеңири өнүгүүгө ээ болду. Г. Кристенсендин ("Нике жана үй-бүлө боюнча антологиянын" редактору, 1967) бир кыйла белгилүү классификациясына ылайык XIX кылымдын ортосуна чейинки - алгачкы мезгил –"социалдык дарвинизм" мезгили деп аталган.

Г. Кристенсен, алгачкы мезгил үй-бүлөлүк фольклордун салтын, философиялык жана көркөм адабиятты изилдөөгө, а экинчиси – үй-бүлө институтунун эволюциясынын тарыхый жана социомаданияттык келечегиндеги жалпылоого арналган деп эсептейт. Чындыгында ой жүгүртүүчү схема биринчи этапта болгон, а экинчиде окумуштуулар конкреттүү-тарыхый жана социологиялык көйгөйлөргө кайрылышкан. 3. Үчүнчү мезгил - XX кылымдын биринчи жарым жылдыгы – Г. Кристенсен тарабынын "Сонтандык илимдер" деп аталган. Үй-бүлө социологиясында үй-бүлөнүн ролу боюнча көп сандаган спекулятивдик эмгектер пайда болуп жана аны менен бирге нике мамилелеринин (өмүрлүк жарды тандоо, ажырашуу ж. б.) стадиялары, формалары жана типтери жөнүндө эмпирикалык маалыматтар толуп кеткен. Спекулятивдик эмгектердин пайда болушу конкреттүү фактылардын тыңгылыктуу теоретикалык түшүндүрүүлөрдү ала албагандыгын түшүндүрөт.

XX кылымдын биринчи жарымында социологдордун, өзгөчө америкалыктардын аракети үй-бүлөлүк чыр чатактардын чечилишиндеги социалдык инженерияга жана практикалык жардам көрсөтүүгө багыталган. Эгер үй-бүлө социологиясы боюнча акыркы 75 жыл ичиндеги бүт европалык адабияттарды алып карап көргөндө, Р. Хилл жана Дж. Олдэс гана жазса, анын жарымынын көбү 1955-жылдын кийин жазылган. 4. Төртүнчү мезгил - XX кылымдын ортосунан азыркы мезгилге чейин – теориянын бир калыпта түзүлүшү жана эмпирикалык изилдөөлөрдүн бир калыпта уюштурулушу менен мүнөздөлөт. Г. Кристенсен аны "өзүн-өзү таануу мезгили" деп атап койгон. Уюшулган аракеттерге өтүү жөнүндө күбөлөндүргөн мындай факт көрсөткүчтүү келет. 1974-1975-жылдары үй-бүлөнүн функционалдашуусун түшүндүрүүчү жана теоретикалык моделдеринин бирдиктүү системасын түзүү боюнча – абдан чоң долбоорго АКШнын 25 университетинен 50гө жакын окумуштуу келип катышкан. Үй-бүлө социологиясынын тарыхында биринчи жолу ушул чөйрөдөгү негизги борборлор бирикти. Ушул мезгилге чейин үй-бүлө социологиясы көптөгөн өз алдынча багыттарга жана математикалык чөйрөлөргө бөлүнүп келген. Долбоордун катышуучулары үй-бүлөнү изилдөөнүн 24 чөйрөсүн бөлүп чыгышты: үй-бүлөлүк коммуникация, роль жагындагы кыйынчылык жана чыр-чатак, үй-бүлөдөгү бийлик түзүмү, жаш үй-бүлө, толук эмес үй-бүлө ж. б. Адистердин эсеби боюнча АКШда үй-бүлө социологиясы бир канча ондогон эмгектерди камтыйт. Үй-бүлө социологиясы боюнча АКШнын белгилүү адистери болуп И. Най, Л. Коттрелл, У. Гуд, К. Девис, У. Берр, Р. Хилл, Г. Кристенсен, И. Ранте, Францияныкы – А. Жирар, Л. Руссель, М. Бэкам-болуп эсептелинет. СССРде үй-бүлөнү социологиялык жактан изилдөө өзгөчө XX кылымдын экинчи жарымынан, тагырак айтканда 60-жылдардан баштап активдүү жүргүзүлө баштаган. 1968 жылдан 1983 жылга чейин өлкөдө үй-бүлө боюнча 3 миң эмгек жарык көргөн. Эмгектердин көбү репродуктивдүү жүрүм-турум, иштеген аялдардын профессионалдык жана үй-бүлөлүк ролдорун айкалыштыруу, үй-бүлөдөгү бийликти жана милдеттерди бөлүштүрүү маселелерине арналган. Булардын көпчүлүгү 1969-жылдагы (НИИ ЦСУ) БОК ИИИде өткөн, Бүткүл союздук репродуктивдүү киргизүүлөрдү изилдөөнүн илимий айлампасына киргизилген. 80-жылдын башында үй-бүлөлүк жашоого, жубайлардын эмоционалдык мамилелерине, чыр-чатактарга, милдеттерди бөлүштүрүүгө, бийлик жана авторитет мамилелерине, үй-бүлөгө көрсөткөн мамлекеттик жардамга (үй-бүлө кызматынын жана үй-бүлөлүк кеңеш берүүлөдүн ишмердүүлүгүн кошкондо), теоретикалык жана методикалык көйгөйлөргө, жаш үй-бүлөлөргө, начар үй-бүлөлөрдөгү балдардын тарбиясына, сексуалдык жана никеге чейинки жүрүм-турумдарга окумуштуулардын көңүл буруусу күчөй баштаган. Аны менен катар никенин укуктук аспектери, үй-бүлөнүн репродуктивдүү функциялары, аялдын профессионалдык ишмердүүлүгү боюнча публикациялардын саны азайган. 90-жылдардын башында сойкулук, жетим балдар, эсептик нике, өзүн-өзү өлтүрүү, наркомандык, гомосексуалдык жүрүш-туруш, үй-бүлөлүк жашоого нравалык даярдык, шаардык көп балалуу үй-бүлө, ажырашканга чейинки жана кийинки абал, ишкер-аялдар сыяктуу темалар бир кыйла популярдуу болуп кеткен. Үй-бүлө социологиясынын өнүгүүсүнө чоң салым кошкондор: Г. Харчев 9 теория), М. С. Мацковский (методология жана методика), А. Н. Антонов (төрөлүү), В. Сысенко (никенин туруктуулугу), И. С. Голод (туруктуу үй-бүлө), В. А. Борисов (балдарга муктаждык), Д. Я. Кутсар (никенин сапаттуулугу), Н. Г. Юркевич, М. Я. Соловьев, С. С. Седельников (ажырашуунун мотивдери жана себептери), Л. Гордон, Э. Клопов (үй-бүлөнүн жашоо-турмуштук цикли), И. А. Герасимова (үй-бүлөлөрдүн демографиялык типологиясы), В. Л. Ружже (үй-бүлөлүк топтордун типологиясы), Г. А. Вишневский (төрөлүүнүн тарыхый типтери), И. В. Бестужев-Лада (үй-бүлөнү божомолдоо), А. Г. Волков (никенин белгилүү узактыгы), Н. В. Малярова (жубайлардын чыр-чатагынын типологиясы), Т. Ж. Гурко (жаш үй-бүлө), Э. К. Васильева (үй-бүлө ишмердүүлүгүнүн түрлорүнүн типологиясы), В. Б. Голофаст (үй-бүлөнүн функциялары), И. С. Кон (сексуалдык жүрүм-турум), З. А. Янкова (шаардык үй-бүлө) ж. б.

Үй-бүлөнүн тарыхый өзгөрүүлөрү Тарыхтын жүрүп жаткан күчүнө болгон көз караштардын айрмачылыктары болсо да, коомдун жана үй-бүлөнүн формаларынын алмашышын мүнөздөгөн факттардын жыйындысы бар. Бул жерден үй-бүлөнүн индустриалдык эрага чейинки үй-бүлөнүн өзгөрүшүн карабайбыз. Биздин милдет индустриалдык коомго чейинкиден индустриалдык коомго өтүү стадиясындагы үй-бүлөлүк өзгөрүүлөрдү белгилөө болуп саналат. Коомдун өнүгүшүнө таасирин тийгизип келген, жана тийгизип жаткан, а мүмкүн дагы деле тийгизе берчү үй-бүлөнүн сырткы көрүнүшү толугу менен өзгөрдү. Демейде, ушул максатта үй-бүлөнүн "салттуу" жана "азыркы" моделин салыштыруу колдонулат. Биринчиден, "салттуулукта" алгач коомдук жашоону уюштуруунун туугандык-үй-бүлөлүк принциби, туугандык баалуулуктарынын индивиддин пайдакорлук максималдашуусуна жана экономикалык таасирдүүлүгүнө караганда басымдуулук кылышы көзгө урунат. Модернизм, тескерисинче, туугандыкты социалдык-экономикалык жана саясий жашоодон бөлүп турат, жана туугандык кызыкчылыктарды индивиддин экономикалык максаттарына алмаштырып турат. Экинчиден, агрардык коом өзүнүн негизги экономикалык бирдиги болгон үй-бүлөлүк үй-чарбачылыгына ээ: эреже брюнча, чоңдордун баары акы алуу үчүн эмес, өзү үчүн үйдө иштешет. Модернисттик модель үйдү жана ишти бөлүү менен байланыштуу, үй-бүлө-туугандык байланыш статусуна карабастан индивидуалдык эмгек акысы бар чоң ишканаларда жалданма жумуштар пайда болот.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)