Үч-Кошкон калай кени

Үч-Кошкон калай кени Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда, Ак-Шыйрак кыштагынын түндүк-батыш тарабында, Ак-Шыйрак кырка тоосунун түштүк этегинде. 1954-ж. табылган. Кен аймагын карбон мезгилинде пайда болгон кумдук, алевролит, акиташ теги жана чополуу сланецтер түзөт. Аларды палеозойдун аягындагы интрузия тектери жиреп чыккан. Тоотектер герцин мезгилинин бүктөлүүлрүнө дуушарланып, терең тектоникалык жаракалар менен тилмеленген. Калай рудасы негизинен гранит менен чөкмө тоотектердин кошулган жеринде топтолгон. Айрым тарамдардын калыңдыгы 12 мге чейин жетет. Руданын курамында бор, вольфрам, цинк, коргошун, жез, мышьяк, сурьма, висмут ж. б. 100дөн ашык минерал бар. Кен тулкусу ар кандай өлчөмдөгү майда кварц-турмалиндүү тарамчалар жана скарн линзалары түрүндө жатат. Калай кени герцин металлогениялык доордо гидротерм-метасоматоз жолу менен пайда болгон. Рудадагы калайдын орточо өлчөмү 0,54%. Руданын запасы В+С1 категориясы боюнча 10052 миң т, С2–1434 миң т, бардыгы 11486 миң т. Калай металлынын запасы В+С1–54,2 миң т, С2–6,4 миң т.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)