Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Үч-Коргон көмүр кени

Үч-Коргон көмүр кени Баткен облусунун Кадамжай районунда. Исфайрам суусунун оң жээгинде, Кызыл-Кыя шаарынан 17 км түштүк-батыш тарапта. Юра көмүрлүү катмарында татаал түзүлүштөгү бир кабат аныкталган. Анын калыңдыгы 0,80 мден 44,84 мге чейин өзгөрүп, орточосу 10,0 мди түзөт. Кабаттын көмүрү сапаты боюнча 3Б маркасына кирет. Орточо күлдүүлүгү 19,2%. Күйүү жылуулугу 6492 ккал/кг түзөт.

Запасы А+В+С1+С2 категориясы боюнча 3678 миң т. Кызыл-Кыя шахта башкармалыгынын «Валакиш» шахтасы кенден көмүр казып алууну 1988-ж. баштаган. 1997-жылга карата кендин калган запасы 3074 миң т.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)