Ог Гюстав Эмиль

Ог Гюстав Эмиль (19. 6. 1861, Төмөнкү Рейн, Дрюзенен – 29. 8. 1927, Төмөнкү Рейн, Нидербронн) – француз геологу. Париж университетинин профессор (1904). Негизги илимий эмгектери тектоника, стратиграфия, палеонтология, аймактык геология (Альп тоолору, Прованс тоолору) маселелерине арналган. Геосинклиналь жөнүндөгү илимди негиздөөгө зор салым кошкон. Өз эмгектеринде жердин контракция жана изостазия теорияларына таянган. Геологиялык процесстердин белгилүү цикл боюнча өнүгүшүнүн жана ал процесстердин ирети менен кайталана тургандыгы жөнүндөгү көз карашты кубаттаган. Континет аймактарындагы деңиз трансгрессиясы жана геосинклиналдардагы регрессия убакыт боюнча бири-бирине шайкеш деп эсептеген. Анын геология боюнча китеби илимдин деңгээлин көтөрүп, өз кезегинде көп өлкөдө кеңири колдонулган. Эмгектери: Геология. 7-е изд. Т. 1. М., Л., 1938.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)