Обозканов Абдысалам

Абдысалам Обозканов - кыргыз элинин акындарынын бири.

Ал айтылуу сулуулардын, өнөр даркандардын өрөөнү аталган Нарын областынын Жумгал районундагы Түгөл-Сайайылында 1958-жылы туулган.

Эмгек жолун 1975-жылы Миң-Куштагы "Оргтехника" заводунда кызматкер болуп иштөөдөн баштайт. 1978-жылы Кара-Балта шаарында, андан кийин Бишкекте Фрунзе заводунда иштеген. 1979-жылы №19-училищени окуп бүтүргөндөн кийин, айнек заводунда 1983-жылга чейин иштеген. Кыргыз Мамлекеттик Университетинин кыргыз филологиясы жана журналистика факультетине 1983-жылы кирип, 1988-жылы ийгиликтүү бүтүрүп, филолог-окутуучу деген адистикке ээ болду. 1988-жылы №31-мектепте орус класстарга кыргыз тилинен сабак берип иштейт. 1989-жылы КМУнун кыргыз филологиясында методика кафедрасында окутуучу. Абдысалам Обозканов илимге аралашаардан мурда, табияты юморго жакын поэзияга өздүк мамилеси бар, келечектүү акын болгон. Абдысалам Обозкановдун илимге аралашкан мезгили 90-жылдардан башталат. Ал Кыргыз Улуттук Илимдер академиясынын тил жана адабият институтунун (бүгүнкү Манас таануу борбору) фольклор жана акындар поэзиясы бөлүмүнө 1990-жылы конкурстук жол менен кабыл алынат. Улуу даанышман, залкар акындардын мурастарын топтоп, учурунда "улутчул" деп басмага жарыяланбаган, окууга тыюу салынган акындардын кол жазмаларын таап көз майын коротуп, аларды изилдеп жазат.

Алгачкы жылдары Музооке, Айтыке, Чоңду, Алтай, Нурдинге окшогон аттары айтылганы менен чыгармачылыгы анча белгисиз болуп келген эл ырчыларынын, ошондой эле Куйручук, Сагынбай, Саякбайдын чыгармачылыгын иликтеп, адабий портреттерин жазган. Кыргыздын чыгаан акындары Алыкул, Мидин туурасындагы олуттуу макалалары бар, бул аталган эмгектер өз учурунда эле республикалык гезит-журналдарга жарыяланганын билебиз. Ал эми "Ысмайыл деген ким эле?" деген, белгилүү төкмөнүн чыгармачылыгын ар тарабынан изилдеген илимий макаласы ("Чүй баяны" 05.09.02) Чүй мамлекеттик администрациям тарабынан уюштурулган конкурста жеңүүчү деп табылган, Алыкул Осмонов атындагы Ардак грамотага (1992) ээ болгон. А. Обозканов айрыкча юмор менен пародияга жөндөмдүү экендигин туюндурган жалац пародиялар, юморлуу ошондой эле сүйүү лирикаларынан турган "Көздөр сүйлөйт" аттуу тун жыйнагын 1993-жылы жарыкка чыгарган. Иште төкмөнүн башта көмүскөдө калып келген чыгармачылык өнөрканасы бүгүнкү күндүн талабына ылайык критерийден туруп илимий аспектиде алгач комплектүү ачылып берилет. Мындан сырткары эмгекте жалпы эле ырчылык өнөр, анын табияты, калыптануу, жетилүү этаптары, айтыш өнөрүнүн түрлөрү, андагы психикалык ар кыл процесстер, ошондой эле акындык поэтикалык салтта көмөктүү орунду ээлеген айтуучулук, жаратуучулук өнөр жөнүндө сөз болуп, мунун бары калктын чыгармачылыгы аркылуу далилдүү фактылар менен чечмеленет.

Абдысалам Обозканов "Манасчылар" аттуу китепче түзүп, "Манас" эпосу жана "манасчылар" деген кеңири баш сөзү менен 1996-жылы чыгарган. Бул легендарлуу Ырамандын Ырчы уулу, Жайсаң, Токтогул ырчыдан Жусуп Мамайга чейинки 28 манасчы, айтуучулардын башын кошуп чакан портреттери, сүрөттөрү менен көркөмдөлүп берилген баалуу эмгек. А. Обозканов А. Акматалиев менен бирдикте түзгөн, улуу акындын 150 жылдыгына арналып, акындын ырларынын кыргызча котормолорунан топтолгон "Абай" аттуу ыр жыйнак (Баш сөзү А Обозкановдуку, көркөмдөгөн Т. Курманов - БД 995) Абайдын дүйнөлүк котормолорунун конкурсунда биринчи сыйлыкка арзыган. Абдысалам Обозкановдун 1999-жылы "Калык Акы уулунун көп кырлуу чыгармачылык өнөрканасы" деген аталыштагы монографиясы авторду өз ишин мыкты билген жөндөмдүү адабиятчы, окумуштуу катары тааныта алды. Абдысалам Обозкановдун кийинки көрүнүктүү эмгеги "Чечендик өнөр". Изилдөөлөрдө чечендик өнөрдүн байыркы гректерде, римдиктерде, араб тилдүү мусулман калктарында ошондой эле орустар, Кавказ, бизге чектеш элдердин башкача айтканда чечендик искусствонун байыркы башаты, дүйнөлүк маданияттагы ээлеген орду туурасында кеңири сөз болуп, элибиздин чечендик өнөрү негизги үч доорго бөлүнүп каралат: Биринчи-байыркы доору: Экинчи, Жейрен чечен, Алдар көсөө, Акыл карачач жашаган 14-15-кылым: үчүнчүсү, 18-20-кылымдын башына чейинки Тилекмат, Сарт, Садыр акелер, Көкөтөй, Куйручук жана башка чечендер жашап өткөн мезгил. Абдысалам Обозканов кеңири иликтөөсүнүн, бир катар окумуштуулардын жыйынтыктарына таянуу менен эл чечендерин үч түргө бөлүп классификациялайт: 1. Акыл чечен. Булардын акылы артык, тили да күлүк. Тил чечендиктин негизги, биринчи белгиси. Ар тилдин бай кереметтүү экендиги сүйлөөнүн маданиятынан таасын билинет, ошентсе да чечендикте акыл олуттуу мааниге ээ. Элдик дипломатия "капилеттен сөз, караңгыдан көз" тапкан тили жатык, бай, логикасы күчтүү, акылгой чечендер аркылуу жүргөн. Кылыч менен алалбаганды тил менен алгандар ушулар. Булар: Ажыбай, Байжигит, легендарлуу Акыл карачач, Тилекмат, Сарт аке жана башкалар. 2. Көрөгөч чечен. Буларда, алдын ала көрө билүүчүлүк, тубаса психологдук, кылдат сынчылдык сапаттар күчтүү. Легендарлуу Жейрен чечен, Алдар Көсөө жана Садыр, Кыдыр аке, Калыгул олуя, Көкөтөй, Куйручук мына ушундай чечендерден. 3. Кургак чечен. Көп сөздүү, далилсиз, кургак, маанисиз сүйлөгөндөр. Мындайларды эл "Кургак чечен", "Жоо чечен" экен деп келекелеп чечен катары эсептешпеген. Ошентип, Абдысалам Обозканов чечендик өнөрдү ачып бере алды.

Инсандар таржымалы. Бишкек.2007-ж.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)