Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Оазис

Оазис (гр. оasis – алгачкы мааниси Ливия чөлүндөгү калк отурукташкан бир нече жайдын аталышы) – 1) чөл жана жарым чөлдөрдөгү өсүмдүк (дарак, бадал, чөп) өскөн жерлер, агын суунун жакындыгына же жер астындагы суунун булак болуп чыгышына байланыштуу нымдуу келет. Оазистерде калк жыш отурукташып, азык болуучу жана техникалык өсүмдүктөр (айрыкча пахта) өстүрүлөт, 2) Антарктидада мөңгүдөн же муздан бош жайдак жерлер. Терминди 1938-ж. канадалык уюл изилдөөчү В. А. Стефансон сунуштаган. Физикалык-географиялык өзгөчөлүктөрүнө карай жапыз тоолуу-адырлуу, тоо аралык жана тоолуу антарктикалык оазисге бөлүнөт. Курчап турган аймактарга караганда оазистерде жылдык орточо температура 1–2°Ска (жайында 5–6°Ска) жогору болуп, таштуу беттерде кээде 30°Ска чейин жетет. Жылдык жаан-чачыны 200–300 мм, көбүнчө кар түрүндө жаайт. Өсүмдүккө жарды, мамык чөп, эңилчек, балыр (көлмөлөрдө) өсөт. Жаныбарлардан чымын-чиркейлер, каракчы куштар, айрым оазистерде Адели пингвиндери мекендейт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)