Өзүнчө консул – өзалдынча (дипломаттык өкүлчүлүктөн сырт) консулдук мекеменин жетекчилигинде турган адам. Ө. к. өзү өкүлү болуучу мамлекет тарабынан кабыл алуучу мамлекеттин компетенттүү органына атайын документ – патент жөнөтүү аркылуу дайындалат. Консулдук милдеттерди жөнөтүү (белгиленген консулдук округдун чектеринде) үчүн ага кабыл алуучу өлкөнүн тышкы иштер министрлигине улуксат (экзекватура) берилет. Ө. к. өз ишмердигинде өз өлкөсүнүн дипломаттык өкүлчүлүгүнө (эгер ал болсо) баш ийет, эреже катары, анын бийликтери менен түздөнтүз алакалашуу укугуна да ээ. Эларалык укукта Ө. к-дун 4 классы белгиленген: 1) башкы консул, 2) консул, 3) вице-консул, 4) консулдук агент. КР мыйзамдарында ушундай бөлүштүрүү каралган.
Бөлүмдөр
- Адабият
- АКШнын кыскача тарыхы
- Апендинин жоруктары
- Бадыраң өстүрүү
- Бала гигиенасы жана тамактануусу
- Башкалар
- Биографиялар
- Бул ким, ал эмне
- Ветеринария
- Гороскоп
- Жаңылыктар
- Жомок уламыштар
- Кол өнөрчүлүк
- Кыргыз тамак-аштары
- Кыргызстандын тарыхы
- Медицина
- Пайдалуу кенештер
- Психология
- Ырдайлы кыргыз ырларын
- Өлкөлөр жана шаарлар
Издөө
Жарнама
Соңку пикирлер