Өзүбеков Асылбек

Өзүбеков, Асылбек – театр жана кино артисти, обончу-композитор, ырчы, журналист.

Асылбек Өзүбеков 1958-жылы Кыргызстандын Ысык-Көл облусуна караштуу Тору-Айгыр айылында туулган.

1971-1974-жылдары мектепти Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарынан окуган.

Орто мектепти 1975-жылы туулуп-өскөн айылы Тору-Айгырдын аяктаган.

Ошол эле жылы Ташкенттеги А. Н. Островский атындагы театр жана сүрөт нөрү институтунун "Драма жана кино актеру" факультетинин кыргыз студиясына өтөт. Институтту 1979-жылы аяктап, чогуу окуган улан-кыздар менен Кыргызстанга кайтып келет.

1979-жылдан 1989-жылга чейин Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында (КМАДТ)актер болуп эмгектенген.

1989-жылдан тартып Кыргыз эл артисти Жамал Сейдакматова жетектеген "Тунгуч" жеке менчик театрында иштей баштайт. Бул коллективде ал 2007-жылга чейин иштеген.

"Тунгуч" театрында эмгектенип жүргөн учурда эле "Азаттык" радиосунун Кыргызстандагы бөлүмүндө да кызматкер болуп иштеп "Таң шоокуму" берүүсүн алып барган.

2008-жылдан тартып Кыргыз улуттук телерадиокорпорациясында "Күлкүлятор" автордук көрсөтүүсүн негиздеп, көгүлтүр экрандан телевизиондук миниатюралардын сериалын кыргыз көрүүчүлөрүнө тартуулаган.

Асылбек Өзүбеков КМАДТка өткөн алгачкы эле мезгилинен тартып дароо башкы ролдорду ойной баштаган. Режиссер Мелис Шаршенбаев койгон "Мен күндү көрүп турам" (авт. Н. Думбадзе) спектаклинде өспүрүм бала Нодардын образын жаратып, театр коомчулугунун оозуна алынат. Андан соң, 1980-жылы режиссер Бообек Ибраевдин "Күттүргөн жаз да келээр" (авт. Б. Жакиев) спектаклинде Тилектин образын жаратып, театрдагы алгачкы ийгилиги бекеринен эмес экенин бышыктайт. Бул спектаклдердин соңунан эле А. Өзүбеков "Тагдырдын өгөй балдары" (авт. Б. Өмүралиев)спектаклинде Витиянын образын жаратат. Ушулардан соң ал "Саадак какты" (авт. Б. Жакиев)спектаклинде Камбаркандын образын жаратып, КМАДТтын алдыңкы таланттуу актерлорунун сабына кошулат.

Ошол эле 80-жылдардын ичинде М. Гапаровдун "Биздин үйдүн Карлсону" драмасынын негизинде режиссер М. Шаршенбаев койгон спектаклге обон чыгарып, музыкалык жасалгасын иштеп чыгып, А. Өзүбеков окуучулук, андан соң студенттик мезгилден бери көкүрөгүн уялаган обончулук жана ырчылык жөндөмүн коомчулукка айгине кылат. Ошондон тартып ал артисттик кесиби менен кошо обончулук жана ырчылык өнөрүн да өөрчүтө баштайт.

1988-жылы А. Өзүбеков режиссер И. Рыскулов Ч. Айтматовдун романынын негизинде сахналаштырган "Кылым карытаар күн" спектаклине атайы ыр жазат, "Таппай жүрөм" деген. Ал ыр "Зарипанын ыры" деп аталган, оюнда. Ушундан соң А. Өзүбеков кыргыз элине популярдуу обончу жана ырчы катары таанылды.

1989-жылы КМАДТтан бөлүнүп чыккан артисттердин тобу менен "Тунгуч" театры ачылган соң, А. Өзүбеков бул сахналык коллективдин эң көрүнүктүү чыгармачыл фигурасына айланат. Айрыкча, аткарган ролдору, чыгарган обондору жана ырлары менен бир катар, сахна өнөктөштөрү менен бирдикте эстен кеткис комедиялык миниатюралардын галереясын жараткан.

А. Өзүбеков кыргыз журтчулугуна аттын кашкасындай таанылган таланттуу театр артисти, популярдуу обончу, ырчы катары гана белгилүү болбостон, улуттук кинонун чебери экени менен да белгилүү.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)