Өзүбек Абдыкалыков

Акын Өзүбек Абдыкалыков Кочкор районунун Талаа-Булак айылында 1954-жылы 3-июнда туулган. 1976–1978-жж. Баку шаарында Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1981-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы факультетин аяктаган. Эмгек жолун Кочкор районунун К. Мамбеталиев атындагы орто мектебинде мугалим болуп иштөөдөн баштаган. 1976-жылы алгачкы чыгармасы «Мугалимдер газетасына» басылган. Эки жыйнактын автору. «Адамдарга кайрылуу» аттуу биринчи китеби 1996-жылы жарык көргөн. 1996, 1998-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган. 1999-жылы «Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги» болгон. Балдар үчүн жазылган «Уя» аттуу аңгемелер жыйнагы 2010-жылдын декабрында Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги тарабынан уюштурулган сынакта баалуу сыйлыкка татыган. 2001-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү

Адамдарга кайрылуу: Ырлар. – Б.: Кыргызстан, 1996. – 210 б. Кырк жетинчи чакырым: Ырлар. – Б.: Мектеп, 2001. – 317 б. Уя: Балдар үчүн аңгемелер. – Б.: Турар, 2010. – 63 б.

Кыргыз Республикасынын жазуучулары / 2-том. Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) – Б.: 2011. – б. Түзүүчүлөр: А. Чекиров, Ө. Калыева.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)