Өзгөрмө ток генератору

Өзгөрмө ток генератору, альтернат ор — механикалык энергияны өзгөрмө токтун электр энергиясына өзгөртүп түзүүчү электр-механикалык түзүлүш. Генератордун иштөө принциби электрмагниттик индукциянын аракетине өзгөрмө магнит талаасындагы статордун оромунда электр чыңалуусунун пайда болушуна негизделген. Чыңалуу айлануучу электр-магниттин орому боюнча туруктуу ток өткөн ротордун жардамы менен түзүлөт. Өзгөрмө чыңалуу жарым өткөргүчтүү түзөткүч аркылуу туруктуу чыңалууга өзгөртүлөт. Өзгөрмө ток генератору автомобилдерде аккумулятор батареясын заряддоо жана автомобилдин электр системасын энергия менен камсыз кылуу үчүн колдонулат. Өзгөрмө ток генераторунда коммутатор пайдаланылбагандыктан, туруктуу токтун генераторуна караганда артыкчылыкка ээ, жөнөкөй жана арзан. Мындан сырткары өзгөрмө токтун деңиз генераторлору, щёткасыз генераторлор, индукциялуу генератор, кубаттуулугу 100 кВт чакан энергетика үчүн генератор да колдонулат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)