Өзгөргүчтүк (биологияда)

Өзгөргүчтүк (биологияда) - биологиялык системалардын ар түрдүү структуралык-функциялык абалда болуучу универсалдуу касиеттери, башкача айтканда тектеш организмдердин белгилеринин жана касиеттеринин ар түрдүүлүгү. Өзгөргүчтүк тиричиликтин бардык, башкача айтканда молекулярдык-генетикалык, клеткалык, организмдик, популяция-түрдүк, экосистемалык (анын ичинде биосфералык) денгээлдеринде байкалат. Өзгөргүчтүккө байланыштуу особдор популяция жана түр ичинде бири биринен айырмаланат. Табиятта бири бирине бардык касиеттери жана белгилери окшош организмдер кездешпейт. Молекулярдык-генетикалык, башкача айтканда генетикалык материалдын же башка макромолекулалардын структурасынын жана функциясынын өзгөрүүсү өзгөргүчтүктүн бардык түрүнүн алгачкы себеби болуп эсептелет. Бул клеткалардын жана бүтүндөй организмдин өзгөрүүсүнө, ал өз кезегинде популяциянын жана түрдүн, экологиялык системанын өзгөрүүсүнө алып келет. Негизинен организмдин тукумдан тукумга берилүүчү өзгөргүчтүгүнө көп көнүл бурулган. Тукум куума (же генотиптик) өзгөргүчтүк, ал эми тукумга берилбеген өзгөргүчтүк тукум куубаган (же модификациялык) өзгөргүчтүк болуп бөлүнөт. Тукум куума өзгөргүчтүк ага түрткү берген себептерге жараша комбинациялык жана мутациялык болуп айырмаланат. Ата-энеде болгон генетикалык аллелдердин жаңы айкалыштарынын пайда болушу комбинациялык өзгөргүчтүктүн негизин түзөт. Комбинациялык өзгөргүчтүккө мейоз учурундагы хромосомалардын абалынын өзгөчөлүгү, кроссинговер, рекомбинация механизмдери, ошондой эле уруктануу процесси түрткү берет. Мутациялык өзгөргүчтүк чөйрөнүн сырткы же ички факторлорунун таасиринен күтүлбөгөн жерден пайда болуп, бул организмдер баштапкылардан кескин айырмаланат. Эволюция процессинде мутациялык өзгөргүчтүк генетикалык аппараттын өзгөрүшүнө, башкача айтканда жаңы түрдүн, сорттун, породанын пайда болушуна алып келет. Бир түргө кирген особдордун арасындагы айырмачылыктар, организмдин тукум куума материалдарынын өзгөрүшүнө байланыштуу болушу мүмкүн. Мындай өзгөргүчтүк модификациялык өзгөргүчтүк деп аталып, тукум куубайт. Ал жашоо шартка байланыштуу болуп, ага ынгайланышат. Швейцариялык ботаник Ш. Бонне өсүмдүктөргө бир катар тажрыйба жүргүзгөн. Ал каакымды климаттык шарты ар башка жерлерге, бирин жылуу, жумшак климатта Парижде, экинчисин бийик тоодо өстүргөн. Парижде өскөнүнүн сабагы бийик, ал эми тоодогунун сабагы абдан кыска өсүп, өзгөрүлгөн. Эгерде бул эки өсүмдүктүн уруктарын бирдей шартта өстүрсө, белгилери бирдей өсүмдүктөр өсүп чыгат. Демек, сырткы чөйрөнүн таасири астында фенотип өзгөрөт, генотип болсо өзгөрбөйт. Модификациялык ыңгайланууларга суу өсүмдүктөрүнүн жалбырагынын суу ичинде ичке, ал эми суу үстүндө жазы болушу, күнөс жерде жалбырактын түсү кочкул, көлөкөдө ачык болушу, ошондой эле балык, жерде-сууда жашоочулардын, сойлоочулардын ж. б. чөйрөсүнө жараша түсүнүн өзгөрүшү да мисал болот. Өзгөргүчтүкту изилдөөнүн салыштырма, баяндоо, биометриялык ж. б. методдору бар. Өзгөргүчтүк жана тукум куугучтук эвол. процесстин, ошондой эле жаныбар жана өсүмдүк селекциясынын негизи болуп эсептелет.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)