Өзгөргүчтүк

Өзгөргүчтүк — тирүү организмдин тышкы факторлордун (тамактануу, температура, жарык, нымдуулук жана башка) таасиринен морфологиялык, биохимиялык жана физиологиялык белгилерин өзгөртүү жөндөмдүүлүгү. Түйүлдүктүн жетилген особго өөрчүшүндөгү үзгүлтүксүз өзгөрүүлөрдү эволюциялык процесстин натыйжасында келип чыккан генетикалык программа башкарат. Организмдердин кайсы гана клеткалары болбосун бири-биринен айырмаланат, себеби жеке өөрчүүдө (Шилтеме: Онтогенез) түрдүү клеткаларда гендер активдүү болот. Касиеттердин өзгөрүүлөрү жетилген особдо да байкалат. Кээ бир өзгөрүүлөр ага пайдалуу болуп, анын айлана-чөйрөгө ыңгайлануу мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатат. Мисалы, көп убакыт бийик тоолуу шартта жашагандардын канында эритроциттердин көбөйүшү абадагы кычкылтектин жетишсиздигин анча сездирбейт. Кээ бир өзгөрүүлөр зыяндуу, мисалы, организмдин кантты сиңирүү жөндөмдүүлүгүнүн бузулушу оорунун себеби болушу мүмкүн.

Кээ бир пайдалуу касиеттер укумдан-тукумга сакталып, кээде ал касиеттер особь өлгөндө аны менен кошо жоголот. Буга байланыштуу Ө. тукум куума жана тукум куубаган болуп бөлүнөт. Бирок, алардын ортосунда тыгыз байланыш бар. Тукум куубаган (феногиптик) өзгөрүүлөр организмдин чөйрө факторлорунун белгилүү таасирине касиеттерин өзгөртүү менен жооп берүүсү болуп эсептелет. Тукум куума (генотиптик) өзгөргүч - түктүн негизин генетикалык материалдын өзгөрүлүшү түзөт. Тукум куума Ө. мутациялык жана рекомбинациялык Ө. болуп бөлүнөт. Мутациялык Ө.— укумдан-тукумга берилген мутациянын натыйжасында пайда болгон белгиннн өзгөрүлүшү.

Рекомбинациялык Ө. жыныс клеткаларынын өөрчүшүндө жана андан кийинки уруктанууда гендердин жаңы жыйындысынын пайда болушунан келип чыгат. Тукум куума Ө-кө жекече өзгөрүүнүн бардык түрү — айрым белгилердин, касиеттердин өзгөрүүлөрү жана башка кирет. Тукум куума белгилер жана касиеттер организмдин жеке өөрчүшүндө гендер, алардын бири-бири менен болгон байланышы, ошондой эле айлана-чөйрөнүн таасири менен мүнөздөлөт. Башка касиеттердин (интеллекттин деңгээли, салмак, узундук жана башка) өзгөрүү диапазону чоң, аларды негизинен чөйрө белгилейт. Ал тышкы айырмалар модификациялык белгилер деп аталат жана булар укум - дан-тукумга берилбейт. Особдун белгилеринин жыйындысы (фенотип) — чөйрөнүн конкреттүү шартындагы генетикалык информациясынын ишке ашырылышынын натыйжасы. Фенотип жеке өөрчүүдө уруктануудан тартып калыптанат. Кишиин ден соолугу, акыл-эси — укумдан - тукумга берилген өзгөчөлүктөрүнүн өмүр бою таасир этүүчү тышкы чөйрөнүн факторлору менен өз ара катышынын натыйжасы. Тукум куугучтук да, айлана-чөйрө да өзгөрүүгө учурайт.

Дүйнө жүзүндө окшош эки киши табылбайт (бир жумурткадан өөрчүгөн эгиздерден башка), Ошондой эле өмүр бою окшош шартта жашаган адамдарды да табуу болбойт. Тукум куугучтук менен чөйрө бирдиктүү, алар бири-бирисиз болбойт. Тукум куугучтук укумдан-тукумга берилүүчү мыкты касиеттерди чыңдап, анын негизинде организмдердин үзгүлтүксүз эволюциясын камсыз кылат. Ошентип Ө. тукум куугучтук жана табигый тандалуу. Жер жүзүндөгү тирүү жандыктардын көп түрдүүлүгүн белгилейт. Бул көп түрдүү жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн ичинен киши өзүнүн муктаждыгына керектүүлөрүн тандап алат.

Бирок киши жаныбарлар менен өсүмдүктөр организминдеги табигый Ө-түн натыйжасы менен гана чектелбейт. Мутагенездин генетикалык закон ченемдүүлүгүн изилдөө тукум куума ооруларды алдын алуу жана күрөшүү боюнча проблемаларын чечүүгө жардам берди.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)