Өзгөн району

Өзгөн району – Ош облусундагы адм.- айм. бирдик. Түндүгүнөн Жалалабат облусунун Сузак, батышынан жана түштүк батышынан Карасуу, түштүгүнөн Алай ж-а Каракулжа р-ндору м-н чектешет. Аянты 3,4 миң чарчы/чакырым (облустун аймагынын 11,8%). Калкы 202,7 миң (2002). Район 17 айыл өкмөтүнө бөлүнөт. Борбору Өзгөн шаары. Район 1928-ж. уюшулган. Тоолуу район. Тоо капталдары өрөөн, жылга-жыбыттуу. Көп бөлүгүн Өзгөн-Куршаб өрөөнү (деңиз деңг. 800– 1200 м бийиктикте) ээлеп, аны батыштан Отузадыр ж. б. адырлар Фергана өрөөнүнөн бөлүп, түштүгүнөн Академик Адышев кырка тоосу, түндүгүнөн Фергана тоо тизмегинин тармактары курчап турат. Аймагы батыштан чыгышты карай бийиктеп (2500 мге чей - ин), түн. чыгышында Фергана тоо тизмегине өтөт. Кендерден Өзгөн көмүр бассейни, үлүл таштар (Сарыташ, Куршаб), гипс, акиташ, чымкөң, минералдуу суулар (Карашоро), дары баткак (Чымбай), курулуш материалдары ж. б. бар. Өзгөн ж-а Куршаб өрөөнүндө ян - вардын орт. темп-расы –3,2°С, июлдуку 23,6°С, тоолордо январдыкы –10°С, июлдуку 15°С. Жылдык жаан-чачыны 350–600 мм, Фергана тоо тизмегинин капталдарында 900 ммге жетет. Агын суулары көп. Райондун аймагы аркылуу Карадарыя агып, Каракулжа, Жазы, Ийрисуу ж. б. куят. Карадарыянын Фергана өрөөнүнө чыга беришиндеги Кемпирабад жылгасына Анжиян суу сактагычы курулган. Топурак өсүмдүктөрү бийиктик алкактуулук мыйзам ченемине ылайык өзгөрөт. Карадарыя, Куршаб, Жазы сууларынын өрөөндөрүндө шалбаа, шалбаалуу саз, 1500 мден жогору боз, 1800–2800 мде тоо-токой, 2800 мден жогору тоо-шалбаа топурактары басымдуу. Жарым чөл, кургак талаа жана шалбаалуу талаа ландшафты мүнөздүү. Түз жерлер толук өздөштүрүлүп, табигый өсүмдүктөр жокко эсе. Алар тоолордун нымдуу капталдарында шал - баа, бадал жана токойго, өрдөгөн сайын субальп ж-а альп шалбааларына өтөт. Фергана тоо тизмегинин капталдарын 1000–1800 м бийиктикти бетегелүү талаа, 2200 мге чейин жаңгак, алма, алча, шилби, карагай, арчалар аралаш өскөн жапайы жаңгак-жемиш токою ээлейт. 2800–3000 мден жогору түркүн тулаң чөптүү субальп ж-а альп зоналары тара - ган. Жазы өрөөнүндө аңчылык заказниги уюшулган. Райондун аймагында облустун калкынын 16,5% жашайт. Төрөлүүнүн деңгээ - ли 23,6‰, өлүм-житим – 5,3‰, табигый өсүш – 18,3‰ (2001). Калкынын 73,8% кыргыздар, 21,9% өзбектер, 2,9% түрктөр, 1,4% башка улуттар. Калкынын эмгек жашына чейинкилери 45,9%, эмгек жашын - дагылар 46,9%, эмгек жашынан өткөндөр 7,2%. Калкынын 63,4% деңиз деңг. 1000 мге чейинки, 28,5% - 1000–1500 м, 8,1% – 1500–2000 м бийиктиктерде отурукташ - кан. Калктын орт. жыштыгы 1 чарчы/чакырым жерге 60 адам туура келет. Райондо 99 кыштак бар (к. таблицаны). Ө. р-нун экон-нын негизин дыйканчы - лык (тамекичилик, дан чарбасы) ж-а мал чарбасы түзөт. Жалпы жер фондусу 343,2 миң га (2000), а. и. айыл чарбага жарактуу жери 261,5 миң га (жеринин 76,2%). Айдоо аянты 44,3 миң га (анын 13,7 миң гасы сугат жер), 1,5 миң га көп жылдык өсүмдүк, 26,3 миң гасы чабын - ды, 189,0 миң гасы жайыт. Дан эгиндери (27,5 миң га, а. и. буудай – 20,7 миң га), жүгөрү (4,0 миң га), тамеки (0,2 миң га), май берүүчү өсүмдүктөр (9,9 миң га), картөшкө (0,6 миң га). ж. б. өстүрүлөт (2002). Багбанчылык өнүккөн (1,6 миң га), 2002-ж. райондо 38,8 миң бодо мал (а. и. 22,1 миң башы саан уй), 117,3 миң кой, эчки, 18,7 миң жылкы, 73,1 миң үй канаттуулары болгон. Район облуста өндүрүлгөн ө. ж. про - дукциясынын 4,5%ин берет (2003). Ири иш - каналары: «Карашоро» АК (консерва, шарап, минералдуу суу чыгарат), нан ком - бинаты, «Өзгөн» мамл. акционердик коо - му (алкоголсуз ичимдиктер, сүт азыкта - рын чыгарат), «Тофон-Алтын-Казык» жоопкерчилиги чектелген ишканасы (пиво чыгарат) ж-а «Өзгөн дан-азык» АК (ун чыгарат) ж. б. Ра йон до нег изи нен ав томоби ль транспорту өнүккөн. Анын аймагынан Ош–Өзгөн – Каракулж а, Өзгөн Ийри-суу, Өзгөн – Жа лалаба т, Өзгөн – Мырза Аке – Сарыбулак автомобиль жолдору өтөт. 2000-ж. автомобиль транспорту м-н 1,1 млн т жүк, 47,7 млн жүргүнчү ташы лг а н . Райондо 2001/02-окуу жылында 100 жалпы билим берүүчү мектеп, 7 мектепке чейинки мекемелер, спорт мектептери, китепканалар болгон. Райондук оорукана, 2 номердик оорукана, учук диспансери, тери-венерологиялык диспансер, тиш поликлиникасы, 53 фельдшер-акушердик пункт, 26 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу ж. б. медициналык мекемелер иштейт 1.2. Райондун карамагына кирген калктуу конуштардын аталышы жана туруктуу жашаган калктын саны: 249338 адам Айыл аймактардын, шаардын аталышы Жашаган адамдардын саны Акжар 7817 Алтынбулак 3690 Баш-Дөбө 7127 Дөң-Булак 15592 Жазы 14456 Жалпак-Таш 8494 Жылалды 9546 Заргер 11417 Ийри-Суу 10578 Караташ 2282 Кароол 15071 Көлдүк 5285 Кызыл-Октябрь 14180 Кызыл-Тоо 8884 Куршаб 21546 Мырза-Аке 17996 Салам-Алик 7658 Төрт-Көл 12321 Чангет 4042 Өзгөн шаары 51356

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)