Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Өзгөн көмүр бассейни

Өзгөн көмүр бассейни – Кыргызстандагы көмүр кендери жайгашкан ири аймак. Ош облусунун чыгыш, Нарын облусунун түштүк-батыш бөлүктөрүндө, Чаткал, Молдо-Тоо, Алай жана Торугарт тоо кырларынын аралыгында. Түндүк-батыштан түндүк-чыгышка 150 кмге созулуп, 3000 чарчы/чакырымдей аянтты ээлейт. Кендер жергиликтүү элге илгертен белгилүү. Бассейндеги Тегене, Таш-Көмүр (Нарын), Көк-Жаңгак, Кумбел, Зындан, Туюк, Каргаша, Карадөбө, Алдаяр, Көккыя ж. б. кендер бар. Аймакта негизинен палеозой (силур, девон, карбон, пермь), мезозой (триас, юра) жана кайнозой (палеоген, неоген, антропоген) тоотектери таралган. Көмүр юра мезгилинин кумдук, алевролит, чопо катмарларынын арасында жатат. Ар кандай калыңдыкта жогорку сапаттуулугу (аз күлдүүлүгү, табынын ысыктыгы ж. б.) менен айырмаланат. Айрым кендердеги көмүр кокс алууга жарамдуу. Бассейндеги көмүрдүн запасы 17723,04 млрд т. Мындан Көк-Жаңгак 1910-жылдан, Маркай 1914-жылдан казыла баштаган, азыр Таш-Көмүр, Тегене жана Көк-Жаңгак кендери иштетилүүдө.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)