Өзгөн архитектуралык комплекси

Өзгөн архитектуралык комплекси бир мунара үч мавзолейден турат. Өзгөн шаарында, Кара-Дарыянын жайылмасынан бийигирээк тектирчеден орун алган. Бул архитектуралык комплекс өзүнө көптөгөн окумуштуулардын көңүлүн буруп келет. Архитектуралык комплекс хронологиялык жактан анча алыс эмес аралыкта курулуп (XI-XII), Карахандар доорунун архитектуралык өнүгүүсүн ачык айкын көрсөтүп турат. Эки мавзолейдин тургузулган убактысыбелгилүү башкача айтканда, Түндүк мавзолей 1152-жылы курулса, түштүк мавзолей 1187-жылы курулган.

Эң эле алгачкы курулган мавзолей бул ортоңкусу болуп саналат. Окумуштуу Кон-Винер изилдөөсүнө караганда ортоңку мавзолей 1012-1013-жылдары курулган жана бул карахандардын төбөлү Наср ибн Алиге арналган. Орто Азиянын архитектуралык эстеликтерин изилдөөчү Засыпкин Б. Н, ортоңку мавзолей сырткы түзүлүшү боюнча эң алгачкы мавзолей экендигин айткан. Окумуштуунун ою боюнча мавзолей шаардык көрүстөндүн кире бериш дарбазасы катары тургузулган. 1920-жылдары бул мавзолей реставрацияланган(калыбына келтирилген). Түндүк мавзолейди ортоңку мавзолей кулай баштаган мезгил болгон. Себеби түндүк мавзолейдин түштүк-батыш бурчундагы колонна ортоңку мавзолейдин колоннасынын ордуна тургузулган. Ошондой эле булт ыкма түштүк мавзолейди курууда да орун алган. Ортоңку мавзолейдин чыгыш фасадындагы колонналардан анча-мынча фрагменттери гана сакталып калган. Ортоңку мавзолей бир канча ирет оңдолуп түзүлгөнүн курулушка колдонгон кирпичтерден байкоого болот. Мавзолей планы боюнча квадраттык формагы ээ. Ички дубалдардын узундугу 8,5-8,54 метр, тышкы бөлүгү 11,44-11,28 метр. Курулуштун бардык бурчунда колонналар бар. Мавзолейдин бийиктиги 13 метрге жетет жана мавзолейде уч эшик орун алган бирок, бир дубалда эшиктин орду гана бар. Ар бир эшик жебе түрүндөгү арка менен аяктайт. Ал эми мавзолейдин куполу жана дубалдары чопо менен шыбалып, өтө кооз орнаменттер менен кооздолгон. Орноменттер чырмоок жана геометриялык фигуралардан турат. Комплекстин башка бөлүктөрү жакшы изилденген эмес. Ортоңку мавзолейдин ички бөлүгүнүн кооздугу жакшы сакталып калган. Бул болсо, аны кайра реставрациялоого мүмкүнчүлүк түзөт. Мавзолейдин дубалдарынын кээ бир жерлеринде диний мазмундагы тексттер кездешет. Куполу чопо менен шыбалып, күн нуруна ылайыкташкан тешикчелер болгон. Ал тешикчелер ички кооздукту жакшыраак көрүүгө арналган. Мавзолейдин адамдын белине чейинки бийиктиги бышкан кирпич менен тургузулуп, шыбалган эмес. Мавзолейдин жогорку бөлүгүндө куфи жазуусу менен жазылган текст бар. Ошентип ортоңку мавзолей XI кылымга таандык карахандар доорундагы эң маанилүү архитектуралык имарат. Ал эми түндүк мавзолей 1152-жж курулган. Жергиликтүү элдин айтымында бул жерде Султан Санжар Мазинин бир тууганы Илчи Мазинин сөөгү коюлган. Башка булактарга таянсак, мавзолейде Кылыч Бурхан хан (карахандар) атасы жана энеси менен коюлган. 1920-жж окумуштуу Якубовский А. Ю түндүк жана түштүк мавзолейдеги жазууларды чечмелеп, алардын датасын аныктаган. Ал жазуулардын биринде төмөнкүдөй жазуу орун алган. "Бул Давлет хан Мустафа Мухаммед хижранын 547-жылынын төртүнчү айында 3-күнү башталган. Алла анын өзүн, үйбүлөсүн жана жан жөкөрлөрүн колдосун. Алла улук" деп жазылган. Бул текст нахс жазуусу менен жазылып, ал кире бериштеги нишанын эки капталында жана үстүңкү бөлүгүндө орун алган. Анда төмөнкудөй сөздөрт жазылган: "Хакан күчтүү жана адилеттүү Али Кылыч Тулга Билге Түрк Тугрул карахакан Хусеин ибн Али Алланын үмөтү эмирдин жардамчысы деп жазылган. Ошентип түндүк мавзолей Жалал ад дин Ал Кусеинге тургузулган десе болот. Ортоңку мавзолей менен Түндүк мавзолейдин курула баштаган мезгили бир кылымдай убакыт өткөн. Бул убакыттын ичинде көптөгөн мавзолейлер, мечиттер тургузулуп, архитектура андан ары-өнүккөн. Ошондуктан түндүк мавзолейди курууда усталар өз чеберчилигин андан-ары жакшыртып, өз ишинде колдонушкан. Архитектуралык жактан түндүк мавзолейдин курулушу кооз орнаменттер менен кооздолуп жакшы курулган. Усталар бардык аракетин бул мавзолейдин негизги фасадын тургузууга жумшашкан, ошон үчүн түндүк мавзолейдин фасады ар кандай орнаменттерге ою-чиймелерге бай жана мавзолейди тургузууда жылмаланган кирпичтер, терракоталар колдонулган. Мавзолейдеги колонналар дагы көңүл бурдурат, алардын диаметри 83-88 см, аны майда кирпич менен айланта кооздолгон. Ал кооздукту курулуш жүрүп жатканда жасашкан, кооз кирпичтердин калыңдыгы 16-17 см, колонналардын сыртынын бир аз түзүрөөк эмес экени байкалып, толкун сымал болуп турат. Өзгөн мавзолейинен 50 метр алыстыкта мунара жайгашкан. Мунара башынан аягына чейин бышкан кирпич менен тургузулган. Кирпичтер бири-бирине чопо ылай менен ашталган (карматылган). Мунаранын негизин сегиз бурчтуу фундамент түзөт. Анын бийиктиги 4 метр, мунаранын башка бөлүгү тегерек формага ээ жана анын диаметри 9,4 метр. Ал эми ички диаметри 3,5-3,6 метр болсо, жалпы бийиктиги 17 метр, жердеги айланасы 28,25 метр, жогорку бөлүгүнүн айланасы 20,15 метр. Мунаранын ички бөлүгүндө бинт түрүндө кирпич жайгашкан, сырткы бөлүгү кирпич менен декорацияланган. Түшүрүлгөн орнаменттер ичке орнамент түшүрүлбөгөн бөлүк менен кезектешип турат. Улам жогорулаган сайын түшүрүлгөн орнаменттердин туурасы улам кеңейип отурган. Мунаранын курулуш ыкмасына жана архитектурасына көңул бурсак, Өзгөн мунарасы мавзолейлерден кийинчерээк курулгандыгын байкоого болот. Себеби Бурана мунарасын тургузууда кетирилген каталар кайталанган эмес. Өзгөн мунарасы 1923-жылы реставрацияланган, реставрациялоо мезгилинде мунаранын үстүңкү бөлүгүнө купол тургузулган. Демек, жүз пайызга куполду өзүнүкү деп айтууга болбойт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)