Өзгөн акиташ кени

Өзгөн акиташ кени Ош облусунун Өзгөн районунда, Куршаб суусунун оң жээгинде, Куршаб кыштагынан 7 км түндүк-батышта, деңиз деңгээлинен 850–970 м бийиктикте. 1956-ж. "Средазгеолнеруд" трести тарабынан чалгындалган. Кен аймагын палеоген мезгилинде пайда болгон, бири биринен чопо жана мергель катмарчалары менен бөлүнүп турган үч акиташ кабаты түзөт. Пайдалуу акиташ тектеринин жалпы калыңдыгы 60,5 мге чейин өзгөрөт. Акиташ кабаттарын бөлүп турган чопо жана мергелдердин калыңдыгы 1,5 мден 9 мге чейин. Сапаты боюнча акиташтардан аз магнезиялуу, тез бышчу 1 сорттогу аки алууга болот. Акиташтын запасы А категориясы боюнча 218 миң т, В – 197 миң т, С1 – 340 миң т, А+В+С1 – 755 миң т.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)