Өзбекстандын аймагындагы кыргыздар

Өзбекстандын аймагындагы кыргыздар - өзбекстандын бир катар чөлкөмдөрүндө жашаган кыргыздар аталган аймактардын түптүү, автохтондуу калкы болуп саналышат. Бул чөлкөмдөрдө байырлаган кыргыз уруулары (кыргыздын оң, сол, ичкилик уруулары) эзелтеден көчүп-конуп жүрүшкөн. Тагыраак айтканда, Өзбекстандын азыркы Анжиян, Фергана, Наманган, Бухара, Самаркан, Сырдарыя, Навойи, Жиззак, Ташкент чөлкөмдөрү, Каракалпакстан кыргыз урууларынын эзелтеден көчүп-конуп жүргөн, чарбалык-экономикалык мааниси бар, кыргыздардын согуштук-саясий таасири күчтүү аймактардан болгондугу тарыхый жазма булактарда, илимий адабияттарда чагылдырылып келет. Бүгүнкү күндө кошуна өлкөнүн аймагында статистикалык акыркы расмий маалыматтарга караганда 370 миңден ашуун кыргыздар жашаары маалым. Чындыгында, кыргыздардын жалпы саны бул берилген сандан алда канча көп. Совет доорундагы, андан соңку Өзбекстан көз каранды эмес республикасындагы жүргүзүлгөн ар бир «эл каттоолордо» кыргыздардын саны мурдагы расмий маалыматтарга салыштырмалуу улам азайып келгендиги баарыбызга маалым. Расмий Ташкенттин акыркы маалыматтарында бул өлкөдөгү кыргыздардын саны Өзбекстандагы жалпы калктын 4% азырагын (учурда өлкөнүн жалпы калкы 25 миллиондон ашуун кишини түзөт) түзүшкөн. 19-к. экинчи жарымындагы айрым жазма булактарга, эл каттоолордун маалыматтарына таянсак, кыргыздар бул аймактардагы негизги этнос болушкан. Маселен, 19-к. аягы, 20-к. баш чендеринде кыргыздар Фергана өрөөнүнүн калкынын эң негизги басымдуу бөлүгүн түзүшкөн. Мисалы, Ош уездинде кыргыздар калктын 98,85%, Маргелан уездинде 29,66%, Наманганда - 25,73%, Анжиянда - 39,66, Кокондо - 6,05 (136,66) түзүшкөн. Бул аймактарда кыргыздар бир кездерде басымдуу көчүлүктү түзүшкөн, кийинки эле маалыматтарга таянсак, 1913- жылы Андижан уездинде - 117774, Кокон уездинде - 26421, Наманган уезинде - 120297, Ош уездинде - 143571, Скобелев (Фергана) уездинде - 87532 кыргыз жашаган, жалпысы - 495595 калкын түзүп, бара - бара кыргыздардын салыштырма саны расмий жана башка маалыматтарда кыскара баштаган. Мындан сырткары, кыргыз этносунун бул аймактардагы санынын кыскарышы табигый, социалдык-экономикалык шарт, жайыттардын кыскарышы, кыргыздардын бир бөлүгүнүн отурукташууга өтүүсү, 20-к. 30-40 жж. жүргөн жапырт коллективдештирүү, кошуна жашаган калктар менен жуурулушуусу жана башка процесстер негизги ролду ээлеген. Бүгүнкү күндө Өзбекстандагы кыргыздардын өнүгүү жолу башкача айтканда руханий дүйнөсү, каада-салты, тили, жашоо шартына жараша өзгөрүүлөргө дуушар болуп, орун-очок алган региондордун айрым, табигый жана башка өзгөчөлүктөрүнө ылайык негизинен 3 багытка ооп бара жаткандыгын байкоого болот. Өзбекстандын Кыргызстанга чектеш Фергана өрөөнүндөгү Анжиян областына караштуу Коргон-Төбө, Жалал - Кудук, Кожо-Абад, Булак-Башы, Айым, Мархамат жана башка райондорунда кыргыздар эзелтеден чогуу жашап келишет. Фергана өрөөнүнүн Өзбекстан тарабында, тагыраак айтканда, жогоруда аты аталган чөлкөмдөрдө жашаган кыргыздар Кыргызстан менен этностук-маданий, чарбалык-экономикалык, тууган-туушкандык карым - катнаштары кеңири болгондуктан толук этностук өзгөчөлүктөрүн сактап келишүүдө. Ал эми Ташкент, Сыр-Дарыя областындагы кыргыздардын басымдуу бөлүгү казактарга чектеш, аралаш жашашкандыктан, көпчүлүгү казак мектептеринен билим алышкандыктарынан улам, ал жердеги кыргыздарга казактардын руханий дүйнөсү, каада-салты өз таасирин тийгизүүдө.

Үчүнчү топко болсо Жиззак областынын тоолуу райондору кирет. Бакмал, Замин, Достук райондорунда жашаган кыргыздар» өзгөчө тоолуу аймактарда жашагандары тилин, каада-салттарын сактап келишет. Жаштардын басымдуу бөлүгү кыргыз мектептеринде билим алышат. Айрым маалыматтарда бул чөлкөмдө чектеш жашаган казак, өзбек, кыргыз каада-салттары аралашкан абалда өнүгүүдө. Фергана өрөөнүнүн Өзбекстанга караштуу бөлүгүндө жайгашкан Анжиян, Наманган, Фергана облустарынын административдик-аймактык курамдарына кирген кыргыздар жана алардын уруулук курамы жөнүндө маалыматтарга токтолсок: Анжиян облусунун аймагында кыргыздын кыпчак, каңды, бостон, мундуз, кыдырша, найман, кара багыш, мунгуш, бөрү, баргы, тейит, төбөй, кытай, багыш урууларынын өкүлдөрү мекендешет. Аталган уруулар кыргыздын ичкилик, оң жана сол канаттарына киришет. Фергана өрөөнүнүдөгү (Өзбекстан тарабындагы) кыргыз урууларынын өкүлдөрүнүн негизги бөлүгүн кыргыздын кыпчак уруусу түзөт: омонок, кожомшүкүр, кармыш, актачы, жаманак, жарты баш, кызыл аяк, тору айгыр, ак бото. Фергана областынын аймактарын (Вуадил жана башкалар) негизинен кыргыздын ичкилик (Булгачы) урууларынын өкүлдөрү байырлап келишет. Алар: жоокесек, кесек, найман, нойгут, кыдырша, кыпчак, бостон, канды уруулары. Наманган областында: саруу, кушчу, моңолдор, саяк, сарттар, багыш, мундуз, кыпчак жана башка уруулардын өкүлдөрү байырлашат.

Л. Ф. Костенконун маалыматтарында 20-к. аяк чендеринде, Ферганада 70 миңге жакын кыпчак болгон. Ал эми, 1897-ж. эл каттоодо 7584 гана кыпчактар калган. 1850-жылкы Кокон хандыгы тарабынан уюштурулган кыргында 20 000 миңден 50 000 миңге чейин кыпчактар курман болушкан. Бул кыргын кыпчактардын аймактагы салыштырма санынын кескин кыскарышына алып келген. Кокон хандыгынын белгилүү саясий жана аскер ишмери болгон Мусулманкул кыпчактын кулан-кыпчак уругунан чыккандыгы маалым. Кыргыз-кыпчактардын бир бөлүгү Кыргыз Республикасынын Ош, Баткен, Жалалабад, Чүй областарында, Тажикстандын Каратегин, Мургаб, Афганистандын түндүк-батыш аймактарында, Кытай Эл Республикасынын Шинжаң Автономиялуу округунда жашап келишет. Кыпчактар кыргыздын башка уруулары сыяктуу эле Чыгыш Түркстандан (16-18-кк.), Фергана өрөөнүнүн (18-19-кк.) саясий турмушуна өтө жигердүүлүк менен катышып келишкен. Фергана өрөөнү жана ага жамаатташ жерлерди, жайыттарды кыргыз уруулары 15-16-кк. өзгөчө жигердүүлүк менен өздөштүрө башташкан. Бул аймактын ыңгайлуу табигый шарты, кенен жайыттары, отурукташкан, жарым көчмөн башка элдер менен соода-сатык алакалары үчүн кыргыздар Жети-Суу, Аулие-Ата, Талас, Кашкар, Алай, Каратегин, Кашка-Дарыя жана башка жерлерден көчүп келүүсү 20-к. биринчи чейрегине чейин уланган Мындан сырткары, Россия империясынын Цин Кытайы менен чек ара маселелерин тактоосу кыргыздардын Чыгыш Түркстандан жана башка жерлерден Фергана жана башка аймактарга жылдык салттуу көчүүсүнө терс таасирин тийгизген. Тагыраак айтканда, 19-к. экинчи жарымынан көп кылымдык жер которуштурган көчүү багытына бөгөт коюлган эле. Көпчүлүк ыңгайлуу жерлер пахта, жана башка айыл чарба талааларына айлантылган, сууга, жайытка ыңгайлуу жерлер Россия империясынын түпкүрүнөн көчүрүлгөн орус, украин жана башка келгин дыйкандарга таратылып берүүсү да жайыттардын, кыштоолордун кыскарышына алып келген, бул процесс да кыргыздардын бир бөлүгүнүн отурукташуусуна шарт түзгөн. 1902-ж. «Фергана областынын жыл баяны» берген маалыматтарга таянсак, бул өрөөндөгү 300 000 кыргыздардын 200 000 отурукташууга өтүп, жер иштетип, дыйканчылык менен кесиптене башташканын кабарлаган. Бул мезгилде кыргыздар саны боюнча Фергана областында сарттардан кийинки орунда турган. «Сарт» - санскрит (байыркы индия) тилинде «соодагер» маанисин туюнтуп, көчмөн түрк элдери тарабынан отурукташкан, жер иштетишкен түрк-иран тилдүү калкка берилген энчилүү ат экендиги илимде эбак белгилүү. Ал - бетте, жогоруда айтылып өткөндөй, бул процесс Кыргызстандын Россияга букаралыкка өтүүсү, Цин империясы менен Чыгыш Түркстан боюнча өткөн чек аралардын такталышы менен байланышкан. Айрым изилдөөчүлөр кыргыздардын отурукташуусу эки натыйжага алып келгенин белгилешет:

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)