Өзбекстан Республикасынын баатыры

«Өзбекстан Республикасынын баатыры» (өзб. Ўзбекистон қаҳрамони, Oʻzbekiston qahramoni) - Өзбекстан Республикасынын жогорку даражадагы мамлекеттик сыйлыгы.

Наам жогорку даражадагы өзгөчөлүк белгиси, мамлекет жанан эл алдында баатырдык эрдик жасаган Өзбекстан Республикасынын жарандарына ыйгарылат. Өзгөчө учурларда «Өзбекстан Республикасынын баатыры» наамы башка өлкөнүн жарандарына да ыйгарылышы мүмкүн.

«Өзбекстан Республикасынын баатыры» наамын Өзбекстан Республикасынын президенти ыйгарат. Наамды ыйгаруу тууралуу указ басмаканаларда жана массалык маалымат каражаттарында жарыяланат. «Өзбекстан Республикасынын баатыры» наамына татыган адамга «Олтин Юлдуз» медалы жана наамды ыйгарылгандыгы тууралуу күбөлүк тапшырылат.

«Өзбекстан Республикасынын баатыры» наамын жанан «Олтин Юлдуз» медалын белгилөө тууралуу мыйзам 1994-жылдын 5-мартта Өзбекстан Республикасынын куралдуу күчтөрүнүн токтому (№ 1039-XII) менен бекитилген, , 1996-жылдын 30-августунда РУзтун мыйзамы (№ 278-1) жана 2004-жылдын 3-декабрындагы РУзтун мыйзамы (№ 714-2) менен ага өзгөртүүлөр киргизилген.

«Олтин Юлдуз» медалы 750 пробадагы алтын менен жасалып, сегиз аякту, алды жагы эки кырдуу нурлардан турган жылдыз формасында. Жылдыздын башынан аягына чыйинки аралыгы 32 миллиметр. Медальдын так ортосундагы 8 милииметрдүү айланынанын ичинде Өзбекстан Республикасынын мамлекеттик гербинин символикасына туура келген жарым ай жана беш аяктуу жылдыз жайгаштырылган. Жарым айдын диаметри 6 милииметр, ал эми беш аяктуу жылдыздын диаметри 3 миллиметр.

Медальдын арткы бетинин борбордук бөлүгүндө Өзбекстан Республикасынын мамлекеттик герби жайгашкан. Гербтин астындагы төмөңкү нурунда ичти көздөй чуңкурайган 1 миллиметрдүү өлчөмдөгү шрифт менен медальдын номери жазылган.

Мелаль күмүштөн жасалган кулакча менен тогоонун жардамы менен каптал оюктары менен тик бурчтуу формада жасалган 16х25 миллиметрдүү күмүштүү калып менен бириктирилет. Калып жана бириктирүүчү тогоонун бөлүктөрү 0,25 микрон алтын менен капталган. Калыптын ички бөлүгү Өзбекстан Республикасынын мамлекеттик желегинин тилкелеринин өңдөрүндөгү тасма менен капталган. Тасманын өлчөмү 11х20 миллиметр.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)