Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp *** Таанышуу боюнча жарнамалар 1 жумага 50 сом

Өзбекстан

Аянты - 447400 чарчы/чакырым. Калкы - 25155000 адам. Күн ачуу тийип, асман чайыттай ачык, жерден аптаптын ысык илеби урат, бирок, айлана... аппак кар, талааларды апаппак кар басып, машиналар зымырап кар ташып жүрөт. Алар келген жерде кар тоодой чоң үймөктөргө үйүлгөн. Адам таң каларлык, бул кар - кадимки пахта, Өзбекстандын ак пахтасы. Пахта Борбордук Азиядагы Фергана өрөөнүндө өсөт.

Азиядагы өлкөлөрдүн мамлекеттик гербдеринде пахта чанагынын сүрөтү бекеринен тартылган эмес. Пахтадан кездеме, кийим токулуп, кагаз, пластмасса жана башка көптөгөн буюмдар жасалат. Аны бекеринен ак алтын деп аташпайт. Бул бекеринен эмес. Себеби, пахта күн нурун, жылуулукту сүйгөн өсүмдүк. Ошого жараша бул жерде жылдын жарымынан көбү, башкача айтканда, 250дөй күн чайыттай ачык болуп, күн ысык тиет! Бирок пахта сууну да өтө көп талап кылат.

Бул жакка суу кайдан: келет? Дарыя жана суу сактагычтардан мээнеткеч эмгекчилер курган каналдар аркылуу талаага агып келет. Республиканын түштүгүндөгү жана түндүк-чыгышындагы бийик тоолордон көп дарыялар агып түшөт, бирок республиканын түндүгүнөн орун алган Арал деңизине алардын баарынын эл суусу жете бербейт. Дарыялардын суусу эгин талааларын, жемиш бактарын, жүзүмзар, бакча өсүмдүктөрүн сугарууга толук сарпталат. Арал деңизине Борбордук Азиядагы эң ири дарыялар - Аму-Дарыя менен Сыр-Дарыя куят. Бул эки дарыянын аралыгында кеңири түздүктөр, жери күрдүү чоң оазистер созулуп жатат.

Алардын ичинде Фергана өрөөнүнүн Ташкен, Самаркан, Бухара, Заравшан оазистери өзгөчө даңкталат. Бул аймактарда эң байыркы мезгилден эле адамдар жашап мамлекеттер пайда болгон. Республиканын жергиликтүү калкы - өзбектер байыртадан эле мээнеткеч дыйкан, багбан, малчы, чебер кол өнөрчү болгон. Алар арык казып, пахта, күрүч, жүзүм, мөмө-жемиш өстүрүшкөн, кооз жибек кездеме, килем токушуп, түрдүү идиш-аяк, айыл чарба шаймандарын жасашкан. Алардын ичинен атагы алыска кеткен окумуштуулар, жазуучу, акындар чыккан.

Улуу Октябрь социалисттик революциясынан кийин, чоң Фергана каналы сыяктуу ири сугат каналдары курулду. Мурдагы ээн жаткан эрме чөлдөргө суу жеткирилип, эгин талааларына айландырылган. Ал жерлерге эгилген пахта, күрүч, жүзүмдөн мол түшүм алына баштады. Таш-көмүр, нефть, алтын, жез жана түстүү металл кендеринде шахталар, заводдор жана миңдеген чакырым узундуктагы газ түтүктөрү курулду. Өзбекстандын борбору - Ташкент эң байыркы шаарлардын бири. Ал мындан эки миңден ашуун жыл мурун пайда болгон. Бул байыркы, кооз шаар гүлдөгөн оазистен орун алып, айлана-тегереги жемиш бактары, жүзүмзарлар менен курчалган. Байыркы Самаркан, Бухара шаарлары да таанылгыс болуп өзгөрдү. Өзбекстанда пахта гана эмес, айыл чарба продуктыларынын башка көптөгөн түрлөрү, анын ичинде жибек жана каракөл породасындагы койдун козусунун каракөл көрпөсү өндүрүлөт.

Ошондой эле бул аймакта пахта жана жибек кездемелер токулуп, машиналар жасалат, өнөр жай үчүн баалуу сырьёлор алынат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)