Өз ара жардам (ашар)

Өз ара жардам (ашар) - жеке менчик эмгекке жараша бөлүштүрүү пайда болгондо алгачкы общинада (жамаатта) жаралган алмашуу формасы. Обочолонгон менчик ячейкалары калыптанып, алгачкы община кошуналык общинага өтөрү менен экономикалык өз ара жардам кеңири тарай баштаган. Анын пайда болушу үй - чарбалардын экономикалык абалынын туруксуздугу менен шартталган. Алар тиги же бул буюмга, ошондой эле убактылуу жумушчу күчүнө муктаж болуп турган. Берилген буюм, ишке жардамдашуу экинчи тарап муктаж болгондо жооп иретинде жардам берүүгө милдеттендирет. Жооп иретинде жардамдашуунун мүнөзү, өлчөмү өзү алган жардамдын өлчөмүнө эмес, жардамга чакырган кишинин муктаждыгына жараша болот. Ошондуктан жооп иретиндеги жардам өзүнө көрсөтүлгөн жардамдан аз же көп болушу мүмкүн. Ошентип, өз ара жардамдашуу сакталып кала берет жана мындай жардамдашуу улана берет. Айрым учурларда общинанын мүчөлөрү өз ара чогулушуп жардамга муктаж болгон кишиге иштеп беришет. Бул өзгөчө абалдарда жасалган. Мындай жардам алган кишиде башка бирөөнүн ушундай учурдагы муктаждыгына жардам берүү милдети пайда болгон. Тууган-туушкандарга ушундай формадагы жардам берүү кыргыздарда бүгүнкү күнгө чейин сакталып калган. Мисалы, ашар жана башка түрлөрү. Бүгүнкү күндө өз ара жардамдашуунун бул формасы коомдук мекемелерди курууда (мектеп, стадион жана башкалар) да кеңири жана ийгиликтүү пайдаланылууда.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)