Өспүрүмдөрдү адеп ахлакка тарбиялоо

Адеп-ахлак баалуулуктарын өспүрүмдөрдү үй-бүлөөдөн жана мектептен тарбиялайт эмеспи. Андан тышкары өспүрүмдөр каалайбы же каалабайбы сыналгы, үналгы, интернет, көчө сунуштаган адеп-ахлак тарбияларын өздөрүнө сиңирип алышат. Бирок, тилекке каршы, дайыма эле өспүрүмдүн көчөдөн алган тарбиясын туура деп айтууга болбойт. Өспүрүмдөрдүн адеп-ахлак тарбиясы кандай болуусу зарыл?

Биздин заманда өспүрүмдөрдүн адеп-ахлак тарбиясына тийгизген ар кандай сыналгы программалары, заманбап кинофильмдердин таасири абдан чоң. Ошондуктан сыналгы үгүттөгөн өзүн алып жүрүү моделдерди өспүрүмдөр "чындык" катары кабыл алып, андай өзүн алып жүрүү моделдерин алар өз жашоосуна тууралоого аракет кылышат.

Бүгүнкү замандын кинофильмдеринде оң таасирдеги каармандар да бири бирин өлтүрүшүп, асоциалдык жашоо түрүн алып барышат, башкача айтканда, өз жыргалчылыктарын гана ойлоп, өз максаттары үчүн башкалардын баштарын тебелеп басып жүрүшөт. Мындай учурда өспүрүмдөрдө нукура логикалык чечим калыптанат: жакшы жашоо үчүн, дал ушундай жасоо керек.

Сыналгыдан кем эмес, кээде андан да аша чапкан таасирди өсүпүрүмдөргө компьютердик оюндар, интернет алып келет десек ашык болбос. Бүгүнкү күндө өспүрүмдөр компьютер алдында же интернеттке кошулган уюлдук телефондо абдан көп убакыт өткөрүшөт. Аларга ар тармактагы интернет булактарына жол ачык болуп, каалган өспүрүмдүн табитине төп келүүчү компьютердик оюндар да бар. Ошондуктан, өспүрүмдөр тарабынан көрүлгөн сайттар же алардын жандай жакшы көргөн оюндары көп учурда оң таасирин тийгизбейт.

Мына ошон үчүн өсүпүрүмдөрдүн адеп-ахлак тарбиясы абдан маанилүү маселе. Өспүрүмдөр ата-энесинин жардамы менен өз баалуулуктарынын чегин иштеп чыгуу зарыл. Сүйүү, достук, каралашуу, жардам, сыйлоо, ыраазычылык дегендерди өсүпүрүмдөрдүн адеп-ахлак түшүнүгүнө жакшы аракет аркылуу сиңирүү зарыл, ошондо гана алар өзүлөрү "жакшы" менен "жамандын", "туура" менен "туура эмести" айырмалай билгенди үйрөнүшөт.

Бирок ошону менен бирге өспүрүмдөргө ата-энесинин кеңештерин жана тыюууларын өз билишинче текшерип жана баамдоо таандык. Анткени өспүрүмдөрдө суроо туулат: Эмнеге атам апамды кээде уруп койсо, мен башкаларга кол көтөрбөшүм керек? Эмнеге ата-энем жумуштан ашык кагазды үйгө алып келип жатса, мен дүкөндөн шоколад уурдабашым керек? Эмнеге көчөдөн таап алган уюлдук телефонду ээсине кайтарып беришим керек, эгер ата-энем телефонду кайтарып бербей эле кой деп жатса?

Мына ошондуктан адеп-ахлак тарбиясы - бул биринчиден ата-эненин жашоодогу жасаган мисалдары. Ата-энелер бул же тигил кырдаалда кандай чечим туура болоорун өспүрүмдөргө көрсөтүүсү зарыл. Мисал үчүн: ошол эле таап алган уюлдук телефонду ата-энелер өзүнө калтырбастан, ээсине же милицияга кайтарып берүүгө аракет кылуусу зарыл. Ооба, бул кандайдыр бир иш-аракеттерди талап кылат, бирок ошону менен бирге балаңыздын тарбиясы уюлдук телефондон артыкбы?

Өспүрүмдөрдүн үй-бүлөөдөгү адеп-ахлак тарбиясы - келечектеги турмушунун маанилүү түпкүрү. Жакшы менен жаманды, туура менен туура эмести ажырата билбеген өспүрүмдөр өз жашоосунда көптөгөн катачылыктарды кетирип коюуусу мүмкүн, жана мындай катачылыктар үчүн абдан кымбат баада жооп берүүгө туура келет. Адеп-ахлак тарбиясы жок өспүрүмдөр аморалдык жана этикага туура келбеген иштерди жасап, ал гана эмес кылмыштуулукка да барышы мүмкүн.

Ал эми ата-энесинен адеп-ахлак баалуулук тарбиясын алган өспүрүмдөр эч качан физикалык жана эмоциалык күч колдонууларга, уурулукка же тоноого, ээн баштык кылууга барбайт. Мындай өспүрүмдөр коомдо өзүлөрүн татыктуу алып жүрүшөт.

Адамдарга жана табиятка акылдуулук, аярлуулук мамилесин жасоо адеп-ахлак тарбиясы өспүрүмдөргө сөзсүз көрсөтүлүшү зарыл.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)