Өспүрүмдөр алкоголизми

Бүгүнкү күндө «өспүрүм алкоголизми», «балдар алкоголизми», «икчен бала», «балдар жана алкоголь» деген сөздөр менен эч кимди деле таң калтырууга болбойт болсо керек. Бак-дарактын арасында, скамейкаларда колдоруна сыра жана тамеки кармап отурушкан топ балдарды кимдер гана көргөн эмес. Мындай сүрөттөлүш көнүмүш адатка айланып, жанынан батыраак өтүп кетүүдөн башка ой көпчүлүк адамдарда жок. Мындай өспүрүм компаниялар өзүлөрүнөн кийин калган тамекинин чегиндилери, бош бөтөлкөлөр калган жерлерди көргөн көчө тазалагычтардын гана көңүлүн бурат. Ал эми тамекинин никотини, бош бөтөлкөнүн ичиндегиси кайда кеткен? Бул суроо көбүнчө ата-энелерди гана тынчсыздандырат болуш керек. Жана ата-энелердин дээрлик көбүнчөсү баласынын тамеки чеккенин же спирт ичимдиктерин ичкенин билишпейт. Качан кырдаал критикалык чегине жеткенде гана мунун бары ачыкка чыгат.

Биринчи себептер же спирт ичимдиктерине кызыгу кантип пайда болот?

Өспүрүмдөр алкоголизминин келип чыгуусунун себеби эмнеде? Балага эң жакын анын үй-бүлөөсүнөн баштайлы. Бардык эле балдар майрамдарды жакшы көрүшөт жана ал майрамдардын көбүнчөсүн чоң адамдар (ата-энеси, туугандары жана башкалар) менен жакшынакай дасторкон үстүндө өткөрөт. Ал эми бардык дасторкон үстүндөгү майрамдар шартка ылайык түрлүү спирт ичимдиктери менен коштолот эмеспи. Албетте, үй-бүлөөдө эч ким, эч качан атайылап балага спирт ичимдигин ичүүнү үйрөтпөйт. Абдан сейрек өспүрүм балага дасторкон үстүндө кичинекей чөйчөккө вино куюп бериши мүмкүн, бирок айтып кетели бул көрүнүш абдан сейрек кездешет. Көбүнчө балдарга дасторкон үстүндө шире же лимонад берилет. Бирок ошого карабастан өспүрүм куракта алкоголь баланын аң-сезиминде майрамдын жана көңүл ачуунун атмосферасы менен ассоциацияланат.

Андан тышкары, балада «Эмне үчүн чоңдор спирт ичимдиктерин ичет, ал эми бизге ичүүгө болбойт же эмне үчүн биз шире гана ичишибиз керек?» деген жана башка көптөгөн суроолор жаралат. Жыйынтыгында мунун бары өспүрүм куракта тышка чыгып, бала өзүн бойго жеткен адамдай алып жүрүүсүнө умтула баштайт. «Анда эмне кылабыз? балдардын алкоголизмин алдын алуу үчүн майрамдарда таптакыр спирт ичимдигинен баш тартып, конокторго жалаң гана лимонад куюп беребизби?» - деген суроо жаралышы мүмкүн. Андай болгондо эн мыкты болмок, өзгөчө ислам дини жагынан көз чаптырганда. Ал эми чындыгында жалаң лимонад менен майрам өткөрүү абдан сейрек көрүнүш, ошондуктан бала менен сүйлөшүп, майрамдарда спирт ичимдигин ичпей коюууга да болоорун, спирт ичимдиги кандай зыян экендигин мисал менен түшүндүрүп коюуу зарыл.

Качан бала алкоголь менен үй-бүлөөдөн тышкары, көчөдөн кезиккенде, абал оорураак болот. Анткени, өспүрүм бала жашынын өзгөчөлүгүнө байланыштуу көп учурда башка адамдын сөзүнө бат ишенүүсү менен айырмаланып турат, башкача айтканда олуттуу адамдарга окшош болу же ал андай адамдын баскан-турганын туурап иш жасоо каалоосу. Көп учурда балага алардын көчөлөш досторунун баскан тургандары маанилүү болот. Анткени, спирт ичимдиктерин ичкен, тамеки таркан өспүрүм топ балдар арасында эң күчтүүсү, эң айкөлдүүсү болуп көрүнөт, мына ошондо андай бала менен ичпеген бала анын авторитетинен бираз болсо да алууну каалап, аны туурап ичүүгө же анын «кел ичели?» деген сунушуна оңой эле көнөт. Мына ушунун бары өспүрүм алкоголизминин эң биринчи көрүнүштөрү болуп саналат. Убакыт өткөн сайын сыра же вино ичүү дегендер нормага айланып, баланын жападан жалгыз бош убактысын өткөрүүчү куралга айланат.

Өспүрүмдөр алкоголизминин дагы бир себеби бул бойго жетүүгө умтулуусу (тагыраак айтканда чоң кишидей болуу каалоосу), жана буга баланын ою боюнча ата-энелери жолтоо кылгандай сезилет. Анткени, өспүрүмдүн ою боюнча, чоң адамдай болуунун бирден-бир атрибуту бул – ичимдик ичүү жана тамеки чегүү. Анын үстүнө ата-энеге баласына кээде тыюуу салууга мүмкүндүгү жетпей калат, анткени ата-энелер кез-кез өзүлөрү спирт ичимдиктери менен алектенип коюшат. Көптөгөн өспүрүмдөргө бойго жетүү деген түшүнүк «Мен бардыгын жасай алам, мен 18ге толдум, сыра иче берсем болот, тамеки чеге берсем болот» деген түшүнүк менен кабыл алышат. А бирок бул эң чоң жаңылыштык.

Өспүрүмдөр спирт ичимдиктерин ичүүнүн себептери ар түрдүү болот дагы, баардыгы өспүрүмдөр алкоголизминин калыптанышына алып келет. Мындай адатты өз убагында токтотпосо, эң жаман натыйжаларга алып келиши мүмкүн.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)